Мыктыбек Абдылдаев эки жүздүүлөрдүн төрагасына айланып калдыбы?


Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Мыктыбек Абдылдаев парламент спикерлигине кабыл алынбай, кворум болбой, кыскасы, өтпөй калган. Депутаттардын башын бириктире алган эмес. Агездеги оор күндөрдө “эки тизгин, бир чылбыр” Канатбек Исаевге тийип, ЖК төрагасына шайланып, кризис-менеджер катары кырдаалды жөнгө салууга салым кошкон.
Биз эмнеге ал күндөрдү эстеп атабыз? Натыйжада, экинчи ирет ийгиликсиз көрүнүшкө күбө болдук. Кечээги курултайда Мыктыбек байкебиз төрага катары дайындалыптыр. Аймактардан тандалма түрдө келген “каймактардын” кашында отурду. Кызыгы, жыйындын аягында Жыргалбек Асанов аттуу делегат чыгып, баарын уяткарып салды. “Кечээ тууну колдоп, кыйкырып аттыңар эле, бүгүн да кыйкырып атасыңар, эки жүздүү болбойлу, делегаттар!” деп абийирлерин айрандай төктү. Себеби, биринчи күнүндө тууну колдоо боюнча дуулдата кол чабылып, эртеси кайра өзгөртүүгө сунуш айтылса, анда да бажакташып, алакан ысытышты. Мына ушундан улам береги жигит күйгөнүнөн чындыкты жашыра албай, трибунага чыгып, “балп” эттирди... Мындай көрүнүштөн соң, Мыктыбек Абдылдаев кошоматчылардын, эки жүздүүлөрдүн төрагасына айланып калдыбы?
Ал эми коомчулуктагы талкуу, байкоолордон алсак, курултайдын элибизге кандай кызмат кылары белгисиз, арсар абалда калды. Себеби, чындыкты, адилеттүүлүктү айта албаган пенделер жакшылык жарата алышмак беле?
"Азия Ньюс" гезити











