Билими төмөн Аида Исатбек кызы чымынды төө кылды. Баракелде!

Жалал-Абаддын Сузак районунун Благовещенка айылындагы Гайдар атындагы мектептин бүтүрүү кечесинде мугалимдерге сын айткан окуучунун айланасында Жогорку Кеңештин деңгээлинде сөз болду. Депутат Аида Исатбек кызы комитеттин жыйынында “окуучуну коркутушкан, сүйлөбөй жатат” деп чуу көтөргөн. “Арадай жерге чарадай жыйын курат” деген ушул эмеспи. Окуучу сын айтып коюптур, аны ошол мектептин жетекчилиги өзү эле теске салып, териштире турган маселе да. Билим деңгээли төмөн Аида Исатбек кызына окшогон депутаттар чымынды төө кылып, соцжеледеги расмий эмес маалыматтарды бетине кармап, шумдук бир нерсе тапкансып ала чуркабай, олуттуу бир мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйлөрдү козгогонду үйрөнсө болмок. Биз жарым жыл мурда “өлкөдө жүздөгөн авариялык абалдагы мектептерде балдар жандарын оозуна тиштеп окуп жатат” деп жазганбыз. Ошондон көп өтпөй Чаткалда мектептин чатыры кулап, аз жерден окуучуларды басып кала жаздады. Окуу китептердин сапаты начар экени аз келгенсип, ошол начар китептер да жетишсиз. Депутат Аида Исатбек кызы ушундай олуттуу көйгөйлөргө кызыгып көрбөйбү?..
"Азия Ньюс" гезити