Жамгырбек Бөкөшов: “Эл дагы алданса, ойго келбеген кадамга барышы ыктымал”


Философия илимдеринин доктору, профессор, саясый талдоочу менен маек.
-- Төрткүл суу сактагычы, Жетим-Тоо, Кумтөр кендери боюнча өкмөт мүчөлөрү ооз ачар менен эл арасында уу-дуу кептер тарап, катуу сынга алынууда. Бул маселелердин азыр көтөрүлүп жатышынын себептери эмнеде жана алардын чечилиши кандай болушу мүмкүн?
-- Жаратылыш ресурстарын, кен байлыктарды пайдалануу, дегеле стратегиялык мааниге ээ объекттер боюнча санаркаткан, талаш-тартыштуу маселелер көп. Бул жаатта көптөн бери эле ММКда, эл арасында, саясат мейкининде кеп болуп келе жатат. Азыр кайра бир жанданып, күчөгөнү – эл жаңы бийликтен далай жыл топтолгон курч маселелерди түп-тамырынан бери кайра карап, туура чечет деп үмүттөнүп жатат. Элдин чыдамы түгөндү. Ошондуктан жаңы бийлик баарын кайрадан карап чыгып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, ката кетсе оңдоп, ийрисин түздөшү зарыл. Болгондо да созбой, алаксытпай, ачыгын айтып, оор маселелерди чечүүнүн жолдорун ортого салышы керек.
-- Коррупция менен күрөштө да бир тартип жоктой. Айрым саясатчылар анын тандалма жана “эл көзүнө” дегендей жүрүш менен баратканын айтышууда. Сиз бул тууралуу кандай пикирдесиз?
-- Коррупция менен күрөш оңой эмес экенин баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Анын укуктук, саясый, экономикалык, социалдык жана башка шарттары бар. Ошондуктан бул тарапта ойлонулган, жакшылап таразаланган иш-аракет талап кылынат. Коррупцияга каршы күрөш күчөгөнүн эл көрүп жатат. Ал эми жумурткадан кыр издегендер ар качан болот. Ага карабай ырааттуу, системалуу жана шамдагай күрөш бир мүнөт да токтобош керек. Бирок, ал адилет жана ачык түрдө ишке ашса. Адамды ак жеринен күйгүзгөн абдан жаман. Эл кимдин ким экенин билет. Бийлик “өз-жат” дебей, аныгына жетип, күнөөкөрдү жазалашы зарыл.
-- Президент эл астында мигранттарды мекенине кайтаруу, Кытайдын карызынан кутултуу, ГЭСтерди куруу сыяктуу убадаларды берди эле. Эми эл алардын аткарылышын күтөт да. Бирок, азыркы экономикалык каатчылыкты эске алсак, айтылгандарды ишке ашыруу реалдуу эле болобу?
-- Туура. Жаңы президент чоң убадаларды берди. Сиз атаган маселелер оңой-олтоң эле чечиле калбайт. Бирок, президент ошол маселелерди чечүүнүн шарттарын, жолдорун алдын ала болжолдуу болсо да аныктап, тийешелүү эксперттер менен акылдашып, анан эл алдында айтты го (?) деп ойлойм. Эл далай убадаларды уккан. Эми дагы алданса, ойго келбеген кадамга барышы ыктымал. Муну баарыбыз жакшы түшүнүп турабыз. Жаңы бийликке оппозиция болгон күчтөр “эмне болсо да тескери кылабыз, чыр чыгарабыз, жараны ырбатабыз” дешпей, мамлекеттик кызыкчылыкты ойлошсо, көмөк көрсөтүшпөсө да, чалып жыгуу менен алек болушпаса, конструктивдүү иш кылышса, ошондо шартка ылайык баардык маселе четинен чечилет.
-- Жаңы шайланган өкмөт дагы өз программасынын алкагында жасай турган иштери тууралуу катуу жар салып келди. Ага ишеним кандай, реформалар болобу? Болсо кайсы жаатта?
-- Жаңы өкмөт убактылуу. Жагдайга жараша иштеп берер. Бирок, бул жаңы президенттин өкмөтү катары билишибиз ылаазым. Ошондуктан өкмөт мүчөлөрү, азыркы бийлик өкүлдөрү өздөрүнө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезишет го.
-- Криминалдык чөйрөгө жаштардын көп аралашып жатканы байкалууда. Ич ара чатактар ушул чөйрөнүн кийлигишүүсү менен чечилип аткан учурлар да жок эмес. Мыйзамдуу өлкөдө бул нормалдуу көрүнүш десе болобу?
-- Албетте, криминалитет менен элдешкис күрөш жүрүшү керек. Эми криминалдын чоңу бар, майдасы бар, ачыкка чыкканы бар, жашынып иш кылганы арбын. Мунун да тамыры тереңде. Эң башкысы, бийлик өкүлдөрү менен байланышып, алардын колун “майламайын” криминал карөзгөйлөнүп, ачыктан-ачык эле өз билгенин кыла албайт, гүлдөп өспөйт. Ошондуктан бул бийликтин тазаланышына, оңолушуна да байланышта чечиле турган маселе. Баягы анекдотто айтылгандай, “корбашы өзү партияны жетектеп отурбайбы” деген кырдаал болбошу зарыл.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити











