Конгантиевдин көчөгө аты коюлбаса да, эл ичинде кадыр-баркы жогору
Соцтармактарда соңку он жылдан берки ИИМ жетекчилеринин рейтингин аныктоо боюнча сурамжылоолор жүргөнүнө күбө болдук. Кашкар Жунушалиев, Улан Исраилов, Мелис Турганбаев, Зарылбек Рысалиев, Молдомуса Конгантиев ж.б. министр болуп кеткендер “тараза ташында” калчанган. Кызыгы, баарынан ат чабымга алдыга озгон, 70-80 пайызга чейин колдоо тапкан Молдомуса Ташболотович экен. Бул Фейсбук колдонуучулардын берген баасы... Учурда Аламүдүн районундагы бир көчөгө Конгантиевдин ысымы ыйгарылса, кызыкдар күчтөр чуу көтөрүшүп, артка кайрып алышканы маалым. Албетте, бул жерде саясат бар. Ооба, убагында ал министр болгон, 2010-жылы 6-апрелде Таластан көпчүлүктүн колуна түшүп калып, аёосуз сабалган. Мындайча айтканда, жазасын алган. Анан эле өмүр бою кектей берген болобу? “Кекти каапырга жараткан” дейт. Кичине арыдан-бери болуп, түндүк-түштүк дебей коомчулукта Молдомуса мырза колдоого ээ болуп атса, адилеттүүлүктү билдирип коёлу. Калыс болбосок кадырыбыз кантет?
Тайлак НАЗЫМОВ
"Азия Ньюс" гезити