Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Айнура Аскарова ИИМге тийишип калыптыр, айыбы ачылабы?

Депутат Айнура Аскарова ИИМге тийишип калыптыр, айыбы ачылабы?

07-май, 21:44
753 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кызык. Министр Улан Ниязбековдун өзүнө тартып турган магнити барбы ыя? Дегенибиз, Жогорку Кеңештин субай-салтаң айымдары өчүрөттөшүп эле тийишип калышат. Эми Айнура Аскарова сөйкөнүп, “Ниязбеков эмнеге Баткенге барган жок?” дейт. Маселени тереңден түшүнбөй эле суроо бергени түшүнүксүз. 

Эске салсак, ИИМдин аскерлери алдын ала эле чек арага жөнөтүлгөн. Ал жерде милициянын көзөмөлү баарынан жогору турганы, коопсуздукту сактоо чаралары анализденип, иштин ырааттуулугу көрүлгөн. Жоокерлерибиз согуш башталганда бир кадам артка жылышпай, каармандыкты жаратышты. Башта министр Улан Ниязбеков эки тараптуу маселелер боюнча Тажикстанга иш сапарга барып келген. Чек арада жаңжал чыкканда да стабилдүүлүктү орнотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атты. Ал ортодо ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков да коңшу өлкөнүн күч органдары менен байланышкан. Негизинен мекенди коргоодо ИИМдин ички аскерлери туруштук беришти. Мунун баары министрдин алдын ала даярдануусу, кам көрүүсү эле. 

Ал эми Айнура Аскаровага жаздын келиши таасир этип атканбы, айтор, Улан мырзага эпсиз эле сөз ыргытып калыптыр. Негизи бул айым жарытылуу добуш алган эмес, шайлоочулары менен кызматташуудан алыс, мындайда депутат болуп отурууга моралдык жактан укугу жок. Популизм менен ооруп калгандай. Эмесе, организмди кыйнабай ээн-эркин басып, эски ишмердиктерин улантпайбы? Мандатын башка татыктуу айымга эчак эле тапшырышы керек болчу... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер