Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министрлик кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарга эскертүү берди

Министрлик кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарга эскертүү берди

17-январь, 17:25
1 442 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткенине байланыштуу кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарга кайрылуу жасады.

Январь айы башталары менен Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдар кескин түрдө көбөйүүдө. Мындай кырдаалдан улам Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмү профилин өзгөртүп, COVID-19га кабылган кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарды, ымыркайларды кабыл алууга өттү.

Маалыматка ылайык, 15-январга карата “кызыл зонада” 16 кош бойлуу аял жатат, анын ичинен экөөнүн абалы оор. Аларды дарылоочу дарыгерлердин курамында инфекционист, акушер-гинеколог, анестезиолог-реаниматолог жана неонатологдор бар. Муктаждыкка жараша башка адистерден консультация алынат. Онлайн-консультация үчүн мультидисциплинардык топ түзүлгөн. Бейтаптарды кабыл алуу жана жаткыруу облустук координатор менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлөт.

Саламаттык сактоо министрлиги кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарга сунуш жолдоду

-- социалдык аралыкты (кеминде 1-1,5 метр) сактаңыздар;

-- коомдук жайда беткап тагыныңыздар, өзгөчө аралыкты сактоого мүмкүн болбогон жабык имараттардын ичинде;

-- гигиенаны сактап, колду тез-тез самындап жууп, курамында спирт камтылган антисептик менен тазалап туруңуздар;

-- COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүңүздөр;

-- жөтөлүп же чүчкүрүп атканда оозу-мурдуңузду чыканак же кол аарчы (салфетка) менен жабыңыздар;

-- эгер демиңиз кысылып жатканын сезсеңиз, үйдөн чыкпаңыз;

-- дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөл токтобой же дем жетпей баштасамедициналык жардам сурап кайрылыңыз.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер