Дыйкандарды түйшөлткөн кургакчылык, суунун тартыштыгы

Бишкектин четиндеги Пригородный айылында суу тартыш. Бул көйгөй дыйкандардын эмгегин талаага кетирүүдө. Маселен, дыйкандар суунун тартыштыгынан айдоо жерин толук кандуу пайдалана алышпай, сууну аз талап кылган арпа же буудай гана себишет.
Капар Урбаев, дыйкан:
-- "Пригородное айылында 3 гектар жерим бар. Суунун жетишсиздигинен жеримди багар катары колдонуп, арпа, буудай айдайм. 3 гектар жерге беде айдасак, жок дегенде үч ирет, арпа болсо 4-5 жолу сугарыш керек. Бирок суу жетпейт, ошентип, күздүк айдайбыз, жаан-чачын менен эле эптемей. Бул көйгөй биздин эле айылда эмес, жер жүзүндө да тартыш. Сууну арык менен алып келгенде жерге сиңип кетип, бизге чейин жетпей калууда. Ошондуктан жаан-чачын жакшы болсо, арпа жакшы көтөрүлөт. Эгер жаан-чачын аз болсо, комбайндын тишине да илинбей калат, мында кетирген чыгым акталбайт. Анткени жерди айдатып, үрөн сээп, анан комбайн менен эктиргенде, бою кыска болуп, талаада калып кетет. Эгерде суу тартыш болбогондо ал жакка жүгөрү айдасак, беде айдасак болмок. Чүй өзү бышыкчылыктын өрөөнү да, кандай жашылча-жемиш айдасаң дагы актап берет. Сууга кезекке турганыбыз менен бизге керек болгон өлчөмдө жетпей калат. Мунун биринчи себеби, акыркы жылдардагы күндүн кескин ысышы. Экинчиси, ички каналдардын абалы. Мурда союз учурунда лотоктор аркылуу суу талааларга кенен келчү. Азыр алар талкаланып, какшып калдык. Кайрадан лотокторду салганга АВПнын каражаты жок. Майда-барат оңдоп-түзөөлөр жасалып турат, бирок капиталдык оңдоолор боло элек.
Колхоз-совхоздордон бери оңдолбогон каналдар
Адистер “суунун тартыштыгынын негизги себеби – кургакчылык менен жарактан чыккан ички чарбалык каналдар болууда” дешет. Айта кетсек, өлкөдөгү ички чарбалык каналдар 2000-жылы суу пайдалануучулар ассоциациясына (АВП) өткөрүлүп берилген. Буга ылайык, дыйкандарга сугат сууну жергиликтүү АВПлар бөлүштүрүп берет. Кыргызстанда 450дөн ашык АВП бар. Алардын балансындагы ички чарбалык суу каналдарынын жалпы узундугу 23 миң чакырымды түзөт. 1990-жылдары колхоз-совхоздордун жерлери жеке менчикке өткөндүгүнө байланыштуу, ички чарбалык каналдар жана ирригациялык курулмалар дээрлик кароосуз калган.
Азамат Турдалиев, Пригородное айылындагы суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси:
-- Климат өзгөрүп, күн катуу ысып, талаа өсүмдүктөрүн өндүрүүдө көп кыйынчылыктар чыгууда, суу жетишсиз. Бизде 2172 гектар жер бар, анын 900 гектары сугат жер, калганы багара. Дыйкандар суулуу жерлерге кызылча, беде, жашылча-жемиш, ал эми багара жерге арпа, буудай айдашат. Өсүмдүктөрдүн баардык түрү өсөт, бирок күн өтө ысыганда куурап калууда. Айрыкча эки-үч жылдан бери дыйкандар түшүм албай калышты. Ички каналдар начар абалда. Бизге да суу лимит менен берилет, ички суу каналдарынын начардыгынан биз ошол сууларды дыйкандарга жеткире албай кыйналабыз. Суу 600-400-500 литрден лимит менен бөлүнөт. Биздин дыйкандар негизинен эки каналдан суу алабыз. Биринчи каналдан 215ке жакын дыйкан батыш БЧКдан буруп алышат. Калган 150дөй дыйкан ылдыйкы совхозный каналдан сугарышат. Андан тышкары, жер алдынан чыккан суудан 70 гектар сугат жерди пайдаланып келишет. Суу тартыштыгын сарамжалдуу мамиле менен чечкенге аракет кылып жатабыз. Дыйкандарга 80-100 литрден сууну көбүрөөк, толук берип, убакытты да, сууну да үнөмдөгөнгө аракет кылуудабыз. Дыйкандар да бир учурда жүгөрүнү көп тигип алышат. “Мындай учурда сууну азыраак талап кылган өсүмдүктөрдү тиккиле” деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Суу дыйканга жеткенче жолдо азайып кетет. Себеби, ички каналдардын абалы өтө эле начар. Бизде 35 километр ички каналдар бар болсо, анын ичинен 20сы лотковый, 14-15 земленой. Каналдар союз учурунан бери эскирген, кээ бири урап, айрымдары кулап, жарылып жатат. Каналдардын 30-40 пайызы иштен чыккан, 20-30 пайызы жерге чөгүп кеткен. Аларды көтөрүп чыгыш керек. Бул чоң суммадагы каражатты талап кылат. Жарылып калган, сынып калган лотоктор бар, аларды алмаштырыш керек. Анткен менен айрым эл аралык уюмдардын колдоосу менен Пригородный айылындагы ички каналдар оңдолууда. Эгер каналдар оңдолуп калса, суу жоготууга учурабай, дыйкандарга көбүрөөк жетип, түшүмдүүлүк дагы арбыйт деп турабыз.
"Азия Ньюс" гезити