Тогуз миңдей баланын атасы болгон дарыгер
"Мичиган штатындагы Детройт шаарынан келген дарыгер ондогон жылдардан бери бейтаптарды жасалма уруктандырып, натыйжада 9000дей бала төрөлгөн", -деп жазат "Sun" басылмасы.
104 жаштагы Филипп Певен 40 жылдан бери үй-бүлөлүк дарыгер болуп эмгектенет. Ал ар дайым кош бойлуу болууну каалаган кардарларынын балдарынын атасы болуп чыкты. Өткөн жылы анын биологиялык кыздарынын бири Джеймс Холл өзүнүн атасын табууну чечип, ДНК анализинен өткөн. Натыйжада, ал өзүнүн биологиялык атасы Певен экендигин билди.
"Биз баарыбыз бир ооруканада төрөлгөнбүз, Певен биздин туулгандыгыбыз жөнүндө күбөлүктөрдө атасы эмес, акушер-гинеколог катары катталган", - деди Мичиган штатындагы Траверс-Сити шаарынын 61 жаштагы Холл.
2020-жылдын январь айында Холл эжеси жана Певен менен жолугушууну чечкен. Пенсиядагы дарыгер өзүнүн материалдарын кардарларды уруктандыруу үчүн колдонгонун түшүндүрдү.
Заман кж