Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан

Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан

30-март, 22:22
812 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыгынан алты адам мүрт кетти.  

Расмий маалыматка ылайык, кырсык Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунда болгон. Батыштан чыгышты көздөй бараткан “Мерседес-Бенц Е420” машинесинин айдоочусу жолдун сол тарабынан бурулуп чыккан “Фольксваген-Пассат” автоунаасынан качып, карама-каршы тилкеде келаткан “Ренаулд-Самсунг SМ6” автоунаасын сүзгөн.

     Кырсыктан “Мерседес-Бенц Е420” жана “Ренаулд-Самсунг SМ6” машинелеринин айдоочулары окуя болгон жерден мүрт кетишкен. Саламаттык сактоо министрлиги жол кырсыгына жалпы 11 адам кабылганын, алардын ичинен алты киши каза болуп, үч бейтап ооруканага жаткырылганын билдирди. Калган экөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.

     Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алды. Кырсыктардын негизги себептери автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени айтылып келет.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер