Нурлан Шерипов: “Баткен облусун өнүктүрүү, бекемдөө боюнча программа иштелүүдө”
Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары менен маек.
-- Алгач Баткен облусуна өзгөчө макам берүү долбоору жөнүндө айтсаңыз?
-- Айыл, токой жана суу чарба министрлиги тарабынан тийешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Баткен облусунун өзгөчө макамы жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул долбоор керек, өтө актуалдуу. Эгер Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, күчүнө кирсе, Баткендин социалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт эле. Себеби, мыйзамга ылайык, ал аймакка өзгөчө инвестициялык, салык режими, ырааттуу мамлекеттик сатып алуулар жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеңилдетилген тартиби киргизилет. Мындан сырткары, өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнө кошумча административдик-укуктук, уюштуруучулук ыйгарымдар берилет.
-- Социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча коюлган талаптардын ишке ашуусу кантип көзөмөлдөнөт?
-- Координациялык кеңештин көзөмөлүндө болот. Бул жөнүндө жобо укуктук-ченемдик акты менен бекитилет. Экинчиден, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө кошумча саясый функциялар берилген. Ошондуктан анын да көзөмөлүндө болот. Бул мыйзамдан сырткары кээ бир өзгөчө статусу бар чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылды. Ал жерде 2021-жылы 100 миллион, 2022-жылы 159 миллион, 2023-жылы 200 миллион, 2024-25-жылдары 250 миллион сом бөлүү каралган. Анын негизинде чек ара тилкелерин бекемдөө боюнча атайын так иш-чаралар көрсөтүлгөн. Учурда бул программанын өзөгү иштелип жатат. Эми бул план өкмөт тарабынан жактырылса, анын негизинде Баткен облусун колдоо иштери жүргүзүлө баштайт.
-- Облуска өзгөчө макам берүүдө жергиликтүү тургундардын ой-пикирлери эске алындыбы?
-- Албетте, эске алынды. Анын негизинде ишкерлерди колдоо боюнча арзандатылган насыя берүү маселелери да каралды. Эгер өзгөчө макам берилсе, Баткен облусунун чек ара аймактарында гана жашаган эмес, жалпы элине колдоо көрсөтүлөт.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити