Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрдоган дүйнө ачарчылыктын жарга кулап жатканын айтты

Эрдоган дүйнө ачарчылыктын жарга кулап жатканын айтты

21-сентябрь, 19:08
440 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Материалдык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөр эң жогорку деңгээлге жеткен XXI кылымда жер шарынын калкынын бештен бир бөлүгү дагы деле ачарчылыктан жана жакырчылыктан жапа чегип жатканы кабыл алынгыс. Бул тууралуу Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган кечээ, 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Коронавирустун пандемиясынан улам жеткирүү чынжырындагы үзгүлтүккө учураган глобалдык экономиканын Россия-Украина согушу менен дагы бир сокку толкунуна кабылганына көңүл бурган президент Эрдоган:

«Энергетикага, азык-түлүккө жана чийки затка баанын өсүшүнөн келип чыккан инфляциялык басым дүйнө жүзү боюнча бардык экономикаларга жана социалдык бакубаттуулукка терс таасирин тийгизүүдө. Өзгөртүүлөр энергия менен камсыздоонун коопсуздугунун маанилүүлүгүн кайрадан күн тартибине койду. Биз энергетика маселесин ар дайым атаандаштык эмес, кызматташтык чөйрөсү катары карап келгенбиз. Биз өзүбүздүн муктаждыктарыбыздан тышкары аймактык жана глобалдык энергетикалык коопсуздукту колдоо боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырдык. Бул кадамдардын тууралыгы жана маанилүүлүгү акыркы окуяларда өзүн көрсөттү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер