Акыркы кабарлар
» Саясат » Алга Кылычов эки фронтко ойноп, бийликтин “шпиону” катары таанылабы?
Алга Кылычов эки фронтко ойноп, бийликтин “шпиону” катары таанылабы?
08-апрель, 19:30
912 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кой-Таш окуясынан кийин Алга Кылычов камалып, бирок көпкө чыдабай, үзөңгүлөштөрүнө каршы көрсөтмө берип, сатып кетүү менен эркиндикке чыкканын билебиз. Соңку убакта абактагы Алмазбек Атамбаевге күйгөндөй мамиле жасап жүрөт. Ошол эле кезде “үч тамганын” балдары менен тымызын сүйлөшүп, эки фронтко ойноп аткан кербезиби? “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” дегендей, Алга “баатыр” алыс деле чуркабай калды окшойт. Аныгында, атамбаевчилер буга ишенбей калышыптыр. Бекер жерден артын салышпайт да... Ошондо Алга Кылычов бийликтин “шпиону” катары тастыкталабы?
"Азия Ньюс" гезити