Акыркы кабарлар
» Саясат » Каныбек Осмоналиев, улуттук тил комиссиянын жетекчиси, профессор: “Чиновниктердин шалаакылыгы боюнча президентке кат түрүндө кайрылам”
Каныбек Осмоналиев, улуттук тил комиссиянын жетекчиси, профессор: “Чиновниктердин шалаакылыгы боюнча президентке кат түрүндө кайрылам”
09-июль, 09:20

-- Каныбек агай, учурда өз эне тилинен орус тилин жогору коюп, эне тилибизге кайдыгерлер көбөйдү. Бул кетишибиз менен тилибиздин тагдыры эмнеге дуушар болот? Кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?-- Биз азыр кыргыз тилибиздин кадырын, статусун жана ордун жаңы деңгээлге чыгаруу маселесин катуу көтөрүүдөбүз. Министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 30-апрелиндеги протоколдук тапшырмасы боюнча өлкөнүн баардык мекемелерине өздүк иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү тапшырмасы берилген. Бул иш-чараны айтууга оңой эле көрүнгөнү менен аткара келгенде болуп көрбөгөндөй тоскоолдуктарга дуушар болуп жатабыз. Бир нече министрликтерге мониторинг жүргүздүк. Алардын жыйынтыктарын тийешелеш эле жамааттын чогулуштарын уюштуруп, жетекчилеринин катышуусу менен ачык билдирип жатабыз. Анан бизди жакшы көрүшмөк беле?
Түрдүү ушактарды удургутушуп, өлкөнүн саясый жетекчилерине жамандап баргандар дагы пайда боло баштады! Ушундам улам бир нерсеге көзүм жетип турат. Эне тилибиздин татыктуу орун алышына биринчи кезекте аны урматтабаган, эптеп эле кызматтык карьераны эңсеген, байлык жана бийлик десе баарын жериген кыргыз чиновниги күнөөлүү экен. Андай адамдар бийликтин баардык бутактарына толуп алышыптыр! Керек болсо бири-бирин колдошуп, "коллективдүү коргонууга" өтүп алышкан. Ошондуктан, жогорку бийлик тепкичтеринен ылдыйкы органдарга түшкөн иш кагаздарынын дээрлик 90%га жакыны расмий тилде келип түшүүдө! Муну кантип токтото алабыз? Бул жалгыз эле мен жетектеген комиссиянын колунан келбейт, мындай осол көрүнүшкө жапатырмак каршы туруубуз зарыл.
1989-жылдан бери толук кандуу иштей албай келе жаткан "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамыбыздын абалы ушундай! Аны аткарбай моюн толгогондорду чоң кылмыш иши катары санабасак болбой калды. Биз кимди жоокалатып, кимди алдап келе жатабыз? Өзүбүздү, артыбыздагы балдарыбызды, неберелерибизди алдап жатабыз. Өлкөнүн келечегине балта чаап, эне тилибизди кордоого колкабыш кылып жүрөбүз. Анан башка улуттагылар кечээги Ош шаарындагы "Манас-Ата" ресторанында орун алган осол көрүнүштүн мисалында каалагандай келеке кыла беришет да. Азыр мен жогоруда айткан министрлер кабинетинин протоколдук тапшырмасынын алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көптөгөн ишкана, мекемелерин текшерип келдик. Оң жана терс көрүнүштөр аралаш. Дагы деле жооптуу кызматтарды ээлеп алышкан баягы эле кыргыз чиновниктеринин шалаакылыгы оркоюп көрүнүп турат. Мындай абалдан кутулуунун бир эле жолу калыптыр. Эми эч кимисин аябай мыйзамды аткарбаганы үчүн катуу жазага тартуу, кызматынан бошотуу, ж.б. чукул чаралар көрүлбөсө болбойт! Мен муну президентке кат түрүндө жазып бермекчимин.
Ушул эле багытта 1-июль күнү Бишкек шаарынын мэриясын, анын 4 районун жана билим берүү департаментин текшердик. Абал оор. Өтө эле. Азыр Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жүрөбүз. Анан аналитикалык маалымат түзүлүп, президенттин алдына коюлат. Катуу жана чукул чара көрүлөт деген үмүт бар!
Жамиля Нурманбетова, "Азия Ньюс" гезити











