Акыркы кабарлар
» Коом » “Qazaqstan” телеканалы Чыңгыз Айтматов тууралуу даректүү тасма тартат
“Qazaqstan” телеканалы Чыңгыз Айтматов тууралуу даректүү тасма тартат
15-сентябрь, 18:30

“Qazaqstan” телерадиокорпорациясы Кыргызстандагы кесиптештери менен бирге улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу даректүү тасма тартат. Бул маалыматты аталган телерадиокорпорациясынын төрайымы Ляззат Танысбай маалымдаган.
Анын айтымында, Айтматов тууралуу даректүү тасма эки элдин тарыхый достук мамилелерин көрсөтүү максатын көздөйт. Азыркы тапта даректүү тасманын чыгармачыл тобу жазуучу төрөлгөн Таластагы Шекер айылына барып, тартуу иштерин жүргүзүп келген. Аны менен бирге Ляззат Танысбай “Balapan” телеканалы кыргызстандык кесиптештери менен бирге космос темасына арналган анимациялык тасманы тартууга даярдык көрө баштаганын айткан.