Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Примов кызматын тапшырды

Улан Примов кызматын тапшырды

12-октябрь, 11:42
390 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов кызматын тапшырып берди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

«Жаңы төрага менен бир фракцияда болгондуктан моралдык жоопкерчиликти сезип, төраганын орун басары кызматын тапшырууну туура көрдүм» деди ал.

Эске салсак, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырып жатканын билдирип, чечимди жеке өзү кабыл алганын жана өз ыктыяры менен төрагалыктан кетүүнү туура көргөнүн айткан.

Ал эми Мамытовдун ордунаНурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Ал жалгыз талапкер болуп шайлоого катышты. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында 80 депутат макул, алтоо каршы добуш берди. Бир бюллетень жараксыз деп табылды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер