Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түмөнбаев экс-президент Сокени адам өлүмдөрү, уурдалган миллиондор боюнча жазалатабы?

Түмөнбаев экс-президент Сокени адам өлүмдөрү, уурдалган миллиондор боюнча жазалатабы?

09-апрель, 20:48
1 035 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Депутат Акылбек Түмөнбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу тууралуу Жогорку Кеңеште туура маселе көтөргөн. Суу жүрөк Сооронбай Жээнбеков Октябрь окуяларында өлкөнү таштап, “эмне болсоң ошо бол” деп кароосуз калтырып, төрт күн дайынсыз жоголуп кеткенин айтпаганда да (бул жагы өзүнчө талданат), 2020-жылдагы пандемиянын каргашалуу июль окуялары үчүн жооп бериши керек. Ошондо Кыргызстан 6 жолу адам өлүмү көбөйгөнү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан. Ал учурда “1390 адам өлгөн” деп туура эмес маалымат берилген, чындыгында реалдуу көз жумган адамдардын саны 6390 деп айтылып жүрөт. Мындан да көп болушу мүмкүн. Ушунун бардыгы Сооронбай Жээнбековдун шалаакы бийлигинин кесепетинен улам да. Чет өлкөлүк донорлор грант түрүндө берген 165,8 миллион доллар, кредит катары берилген 461,5 миллион доллар максатсыз пайдаланылган. Эл арасында нааразылык жаратып жаткан ушундай көз боёмочулук иштердин бардыгы ачык айкын, тыкыр текшерилип, бул күмөндүү иштерге чекит коюлуп, күнөөлүүлөр жазасын алуусу кажет. Андагы ТИМ жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков, аппараттагы бөлүм башчы Данияр Сыдыковдор “толгонсо” эле Сокенин көп былыктарын ачыктап коюшса керек. Элдин ырыскысын кайрып алууга кимди эрки жетет болду экен?
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер