Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дайыма алдыңдан күн чыгып турсун, Гүлзат айым!

Дайыма алдыңдан күн чыгып турсун, Гүлзат айым!

26-март, 19:30
478 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Философия илимдеринин кандидаты Аалиева Гүлзат: “Улуттук идеологияны иштеп чыгып (“Азия Ньюс”, 7-март 2024-ж.), улуттук интелигенциянын алдыңкы өкүлдөрү менен тыкыс ишмердикти алып баруу зарыл. Мындан сырткары, өлкөдөгү таблиги жамаат сыяктуу радикалдуу диний агымдарга мыйзамдуу түрдө тыюу салынып, Нурзат Токтосунова, Айжан Акылбекова, Анжелика Кайратова сыяктуулар Жазык кодексинин тийешелүү беренеси менен жоопко тартылып, жок эле дегенде олчойгон айып пул төлөлөрү керек” депсиң! Мына кыргыз кызы! Мына колуна курал кармап, эркектер менен тең катарда душманга каршы салгылашкан Тумар эже тарыхта айтылгандай Томиристин кыргыз жерине кайтып келиши!

“Идеологияны иштеп чыгыш керек” деп бүгүнкү күндүн эң талуу жериндеги маселени ортого салыпсың, Гүлзат карындашым. Анткени тыштан келген, ичтен чыккан бузукулар момураган (акча менен байлыкты гана ойлоп калган) кыргыздардын ой-пикирин тескери жакка буруп, өз жолунан адаштырып баратат. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш! Сен туура талап кылгандай, бузукуларга мыйзам аркылуу тыюу салып ооздуктабасак, булар элдин түбүнө жетет.

“Кезеги келгенде айтпаса, кептин атасы өлөт” дешкен илгерки даанышман аталарыбыз. Кеп кезеги келгенде айтып калайын, идеология боюнча мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов (ата-энеси Балыкчы шаарынан болгондуктан, жердеш да болуп кетем) даражалуу кызматта турганына үч жыл болду. Аалиева Гүлзат айткандай, кыргыз идеологиясын аягына чейин иштеп чыгабы? Саясат таануучу Сабыр Муканбетов, дагы бир академик (атын жазып албапмын) “Улуттун уңгусу” деп мактап, буларга Акын Бекчороев да кошулуп алып, А.И.Крыловдун тамсилиндегидей эле жерге-сууга тийгизбей мактап атышат. Макул, ошондой эле мактоого татыктуу болсо, “Баластан” студиясынын күндүр-түндур тынымсыз берилип, ити менен мышыгы, чочкосу менен торопою буга кошулуп автомашинасы кишиче сүйлөп, имараттары, ар кандай техникалары кулап, тоголонуп өрттөнүп жаткан адам кебетесиндеги түрү сууктарды көрүп отурган балдардын кыял-жоругу менен акыл-эсине доо кетип, ойлоодон, ой жүгүртүүдөн, кыялдануудан ажыратып, тили сүйлөөсү өнүкпөй кала турган болуп баратат. Биз союздун убагында тарбиялангандар “маймылдан жаралганбыз” деп айткандай, жан-жаныбардын баары адамча сүйлөп атса, кыялы учкул жаш балдар “аа, адамзат бара-бара айбанга айланат турбайбы” деп ойлоп да, ишенип да калышат. Ошондуктан, “Дисней клубду” биротоло тыптыйпыл өчүрүп, жаштарга эли-жерин, кыргыз тилин, каада-салтын урматтап сүйө турган тарбия беришибиз керек. Бул күн тартибинде турган өтө олуттуу маселе. 

“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт” деген илгерки карылар. Ошондуктан Гулзат талап кылгандай, өлкө ичиндеги бузукулардан сактанбасак, бүгүнкү күндө кыргыз элинин жандүйнөсүн, акыл-эсин акча менен байлык бийлеп, өз эл-жерин сүйүү сезиминен ажырап баратат. Мунун аягы жылан чагып, жылкы теппей эле, кыргыздын улут катары жоголуусуна алып барат.


Мукан Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы, Кан Кошой көчөсү, 19  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер