Акыркы кабарлар
» Коом » Таласта Милициянын майору Калыбаев Мирлан каза болду
Таласта Милициянын майору Калыбаев Мирлан каза болду
13-июль, 12:01
690 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Милициянын майору Калыбаев Мирлан Майрамбекович каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин ал пневмония менен жабыркап келген.
М.Калыбаев 1974-жылы 8-октябрда Кара-Буура районунун Киров айылында туулган. Эки жогорку билимдин ээси. 1995-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат кылып келген. Эмгек жолун убактылуу кармоочу жайдан баштап, кийин коопсуздук кызматында иштеген. Өмүрүнүн акырына чейин Кара-Буура РИИБдин эксперт-криминалисти кызматында эмгектенген.
ИИМдин жана Талас ОИИБдин, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн сыйлыктарынын ээси болгон. Анын артында бир кыз, бир уулу калды.
Бөлүшүү: