Садыр Жапаровду кантип Карганбек Самаков булгай баштады?..
Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун шансы жогору экенин көргөн “кузгундар” кошомат кылууга өтүштү. Андайлардан көпчүлүк катмар жийиркенишүүдө. Маселен, Карганбек Самаков экономикалык планын айтып, эфирге чыгып кооз сүйлөп, кайрадан элдин башын айландырууда. Садыр Жапаровду колдой турганын, “үзөңгүлөш” экенин, андай эле кордук көргөнүн божураса чыдап тура албайсың...
2015-жылы депутат Карганбек Самаков жер аферасы, коррупция боюнча камакка алынган эле. Ал Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (дыйканчылык тилкелерин үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталган. Дагы жүздөгөн гектар жерлерди ээлеп алууга шектелип, жаңжал чыкканы эсиңердеби? Энчисин жулдуруп жиберген карапайым калк митинг, нааразычылык акциясына чыгышкан. Бакиев доорунда Жаныш менен Карганбек биригип алышып, элдин шоруна калганын кантип танабыз? Аныгында, Самаковдун күнөөлөрү далилденип, соттолгону ырас. Кызыгы, соңку убакта “саясый куугунтук көрдү” деген жарлыкты таңуулашып, жаңы бийликтен жардам сураган шылуундар чыгууда. Эгерде Садыр Жапаров элди сыздаткан Карганбек Самаковдун актатып жиберсе, анда рейтинги түшүп, Чүй боорундагы катмардан кадырын жоготот.
Эми болсо Самаков инвестиция тартып келип, Кыргызстанды баткактан сууруп чыгарын айтып, тим эле сасык шилекейин чачыратат. Бакиев режими тушунда дагы инвесторлорду шылтооломуш этип, Бишкек шаарына жакын жүздөгөн гектар жерлерди ыйгарып алып, кийин ошонун айынан “коррупцияга”, “алдамчылыкка” шектелип, камалбады беле? Эми дагы “эски обону” менен бирдин ичинен чыкканы калдыбы?..
Aryba.kg