Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ширшовдун шопур-министри Имановго коллективи каршы чыгып, соттошуулар башталды

Ширшовдун шопур-министри Имановго коллективи каршы чыгып, соттошуулар башталды

12-май, 09:00
824 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов убагында Алексей Ширшовдун шопуру болгонун, анын “кол баласы” экенин жашырбайлы. “Алма сабаганын ашып түшпөйт” дегендей, бул өнөктөштөр жыргатпай деле калышты. Имановго президент чоң кызматты ишенип тапшырса, мунусу иштей албай, коллективи менен “ит тартышка” түшүп, ички атмосфераны бузуп атыптыр. Мыйзамсыз жумуштан алынган кызматкерлер, жетекчилер арбып, баары жапырт сотко кайрылышып, көмүскөдө чыңалуу күчөп бараткандай. Талант Иманов кадр саясатынан бизнес жасап атабы? Аймактардан бери жыйырмадай жетекчини иштен кетирсе, алар соттошуп жатышканы айтылды, эртең утуп келишсе кандай болот? Коллективи менен иштеше албаган жетекчиден башка ийгиликти күтүүгө болбойт да, туурабы? Айтор, санариптик өнүктүрүү министрлиги “өкчөлүп” калды окшойт. Шопурдун кылар иши ушул беле? 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер