Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Икрамдын шопуру, “Биримдиктин” талапкери Каныбек Туманбаев пиар менен алек

Икрамдын шопуру, “Биримдиктин” талапкери Каныбек Туманбаев пиар менен алек

04-август, 21:11
796 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ала-Арча” мамлекеттик паркына асфальт төшөлүптүр. Азганакай чакырым. “Бул ишти президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жасады” дешип, блогерлер соцтармактарга жазып чыгышты. Фейктер “жетишкендикти” айландырышып, таратып бүтө албай жатышты. Кызык. Бир эсе таңгаласың. Эч кандай эрдик эмес, туура түшүнгүлө, Каныбек Туманбаев кылса, милдети да. Президенттин же өкмөт башчынын тапшырмасын аткарып аткандыр. Мамлекеттик кызматтын этикасын ойлобойбу? Бул эргул пиарщиктерине тымызын буйрук берип коюп, өзү көлөкөдөн жыргай береби? Ансыз да “короздой” болуп жүргөнүнө, ишти профессиналдуу деңгээлде алып кете албаганына коллективи нааразы экени каңкууланды. Ишенимди актайбы, же иритеби? Айтмакчы, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда Икрам Илмияновду этектеп, Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде Асылбек Жээнбековго жабышып, “Биримдик” партиясынан талапкер катары шайлоого аттанып, кийин заман өзгөргөндө кубулуп кеткеничи? Алардын башын аттагандай, эртең башка лидердин чачпагын көтөрүп чыгабы? Улам келген бийликтин эле эбин таба бербесе керек. Келечекте бир жеринен “илинип” калбайбы? Суроо да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер