Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы жылга мыкты даярдангандарга сынак жарыяланды

Жаңы жылга мыкты даярдангандарга сынак жарыяланды

07-декабрь, 10:11
818 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек мэриясы шаардагы имараттардын жана айланасынын жаңы жылдык жасалгасына сынак жарыялады.

Сынак жаңы жылдык маанайды тартуулоо жана борборду кооздогондорду колдоо максатында уюштурулуп жатат.

Конкурска райондук администрация, министрликтер, мекемелер, жеке ишканалар жана башка объектилер катыша алат. Жыйынтыгы январда чыгары айтылды.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча жүргүзүлөт:

Райондордун жаңы жылдык мыкты жасалгасы. Биринчи орун — 60 миң, экинчи орун — 40 миң, үчүнчү жана төртүнчү орун — 40 миң сом;

Бишкектеги жаңы конуштардын жаңы жылдык мыкты жасалгасы. 50 миңден төрт премия каралган;

Көп кабаттуу үйлөрдөгү короо ичин жаңы жылга мыкты жасалгалагандар. 40 миң сомдон төрт номинация бар;

Министрликтердин имараты менен административдик мекемелердин аймагынын мыкты жасалгаланышы. Биринчи орун — 50 миң сом, экинчи орун — 40 миң сом, үчүнчү орун — 30 миң сом;

Башка объектилердин жасалгаланышы. Биринчи орун — 70 миң сом, экинчи орун — 50 миң сом, үчүнчү орун — 30 миң сом.

Мындан тышкары, дагы бир сынак бар. Каалоочулар жеке же коллективдик видео куттуктоо жаздырып, анда "Жаңы жылың менен, менин сүйүктүү шаарым" деп айтышы керек. Роликти 31-декабрга чейин konkurs@meria.kg почтасына жөнөтүү зарыл. Жыйынтыгында 30 адамга беш миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык берилет. Ошондой эле атайын байгелер да  каралган.

Андыктан, жаңы жылда байге утуп алгыңыз келсе азыртадан даярдыкты баштай берсеңиз  болот.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер