Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Жумагазиев генералдык наамга татыктуу

Канат Жумагазиев генералдык наамга татыктуу

06-июль, 23:45
1 655 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйыл ИИМдин 100 жылдыгы. Өзгөчө дата. Бир катар жетекчи полковниктер генералдык чин-даражаларды алышы күтүлүүдө. Азырынча алар кимдер экени ачыктала элек. Сөз кыябы келип турганда, биз олуттуу маселеден козгойлу. 

Азыркы Чүй облусунун губернатору Канат Жумагазиев милицияга эбегейсиз эмгек сиңирген кадр. Катардагы оперден баштап, ырааттуу баскычтардан өтүп, эки ирет РИИБ начальниги, ИИМдин 10-башкармалыгынын башчысы, Чүй ОИИБ начальниги, ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси, Бишкек ШИИБ начальниги, андан соң Ысык-Көл ОИИБ, Нарын ОИИБ жетекчиликтерин басып өткөн. Кайсы гана кызматта иштебесин, тазалыкты карманып, милициянын кадыр-баркын көтөрүп, реформа жасап, эл менен тыгыз байланышты камсыздай алган. Бул жагынан ийгиликтерди санай берсек, сөз көбөйүп кетет. Ток этерине келели, учурда Канат Жумагазиевге түздөнгөн, андан үлгү алган ондогон, жүздөгөн милициянын полковниктери бар. Ар дайым өздүк курамдагылар урматташып, билимине, бай тажрыйбасына жана уюштургуч жөндөмүнө жогору баа берип, суктанып келишкен. “Төгөрөгү төп” дечү беле? Ошондой.

Натыйжада, быйыл милициянын 100 жылдыгында Канат Жумагазиевге генерал-майор наамы ыйгарылса, калдайган калың эл да колдоп, туура тандоо болгонун жашырбастыр. Мамлекетке, элге жасаган эмгек эч убакта жерде калбайт эмеспи. Бирок убагында бааланса, бийликтин бедели үчүн бап келишерин унутпайлы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер