Эми кантем? Күйөөмдүн биринчи аялы ажырашууга макул болбой кечирим сурап жатат


Жашоонун ысык-суугун көргөн, көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн акылман айымдардан кеңеш сурагым келет... Жашым 30да. Учурда экинчи турмушумду куруп жатканыма бир жыл болду. Экөөбүздүн тең биринчи никебизден бирден балабыз бар. Башында баары жакшы эле, бирок азыр бир маселе тынчтык бербей келет.
Күйөөмдүн биринчи аялы бизге тынбай тоскоолдук жаратууда. Улам-улам СМС жазып, чалып, ар кандай сөздөрдү айтат. Көп жолу уруш чыгарып, коркуткан учурлары да болду. Күйөөм акырындап анын билдирүүлөрүнө көңүл бурбай калган, бирок баары бир бул абал биздин ортобузга таасирин тийгизбей койбойт экен...
Эң оор жери алсак, алардын никеси расмий түрдө ажырай элек болуп чыкты. Биринчи аялы өзү башка адамга турмушка чыгып кеткен, бирок көп өтпөй ажырашып кайра келип, күйөөмө тынчтык бербей жатат. Күйөөм сотко кайрылган, бирок ал аял ажырашууга макул болбой, “мен адаштым, кечир, балам бар, кайра жашайм” деп баш тартууда. Сот болсо алты ай мөөнөт берди...
Ошол убакыт аралыгында анын чалуулары, жазган билдирүүлөрү токтобой, биздин ортобузда көп уруш-талашты жаратып келет. Мен болсо азыр кош бойлуумун… Ар бир стресс мага оор тиет, бирок баарына чыдап келем.
Чынын айтсам, кээде өзүмдү жалгыз сезем. Кеңеш сурай турган, сырдаша турган эжелерим жок...
Ошондуктан, ушундай сыноолордон өткөн, турмуштун ачуу-таттуусун көргөн айымдардан чын дилден кеңеш сурайм. Мындай учурда кантип сабыр кылам? Кантип үй-бүлөмдү сактап калам?
Нурида











