Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

17-декабрь, 18:21
1 165 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн сандарда)

Кан-и-Гут үңкүрү жөнүндөгү уламыштар

Баткендин батыш тарабында, Самаркандек айылынан 18 чакырым алыстыкта, Борбор Азиядагы эң легендарлуу, сырдуу Кан-и-Гут үңкүрү жайгашкан. X-XI кылымда ал жер күмүш жана башка пайдалуу кендер казылган жайлардын борбору эле. Бара-бара кен казылган жер бошоп, унутулуп, бир гана караңгы үңкүр калып, мындан улам ал «Кыйраган кен» деп аталып калат. Уламыштар боюнча үңкүрдө сансыз байлыктар катылгандыктан улам, өлүм жазасына тартылгандарды зер буюмдарды издетүүгө, же Кан-и-Гуттун сансыз өтмөктөрүндө өлүшү үчүн бул жерге жиберип турушкан. 

Кан-и-Гут жөнүндөгү алгачкы маалыматтар Авиценнанын эмгектеринде бар. Ал мындай деп жазган: «Дүйнөнүн баардык алтындарын, жасалгаларын даанышмандар ар кайсы жерге катып коюшкан, ага ээлик кылуу оңой эмес. Маселен, Мавераннахр өлкөсүндөгү тоолордун арасында Исфара шаарын алсак, анын аймагында Гут деген жер бар. Даанышмандар байлыктарды ошол жерге калтырып, аларды сыйкырлап коюшкан. Бул тууралуу көптөгөн баяндар, окуялар айтылып келет».


Сулайман падышанын кендери

Кээ бир тарых изилдөөчүлөрү Сулайман падышанын атактуу кендери ушул жерлерде катылганын белгилешет. Ал эми айрым бир эксперт тарыхчылардын айтымында, Сулайман падышанын храмын курууда Фергана өрөөнүндөгү асыл таштар колдонулган. Анткени, эң белгилүү зер асыл таштары Хайдаркен кенинде кездешкендиктен, байыркы замандагы масштабдуу курулуштун материалдары ошол жерден алынып келиниши толук мүмкүн.


Манастын Баткендеги штабы

Жергиликтүү тургундар Манастын штабы Баткенде орун алганын билдирип келишет. Эпосто сүрөттөлгөн бир катар окуялар биз сөз кылып жаткан аймакка камыр-жумур аралашкандай элес жаратат эмеспи. Ошондой эле Манас менен Каныкейдин табышуусу, жакындашуусу Баткен аркылуу чыйыр салат...

Белгилүү скульптор Тургунбай Садыков Баткен шаарынын кире беришине көркөмдүү залкар ансамблдын скульптурасын тургузган. Андан сырткары, ортодо, дөңсөөдө Бухарадан Баткенди көздөй аттанып бара жаткан Манастын, анын тегерегине боз сакалчан даанышман Бакайдын, 40 жигитинин айрымдарын, кары-картаңдардын, аялдардын, жаштардын, ишенимдүү ити Кумайыктын жана ак шумкарынын айкелдерин жасаган...

Жаш кезимде баткендиктер мени дайыма эмгекчилдиги, катаал жаратылыш шартына карабай кырдаалдан чыга билгендиги менен таңкалтырчу. Балким, аларга чындап эле Манастын руху жардам береби?..


Сары-Тоо тоолору 

Самаркандек айылында укмуштуудай Сары-Тоо тоолору жайгашкан. Ар кандай маалыматтар боюнча мурда бул жерде Сармат деңизи болгон, бирок кийинчерээк ал соолуп калган. Бул жерлерде көптөгөн байыркы геологиялык доорлорго таандык организмдердин, гетеродонт моллюскалардын жана 485 миллион жыл мурун өскөн өсүмдүктөрдүн калдыктарын таба аласыз. Тоо боорунда түрдүү түстөгү, өзгөчө кооздуктагы гүлдөр өсөт. Байыркы организимдердин калдыктары (фосилдер), гүлдөр жана көк асман айкалышып, сөз менен айтып жеткире алгыс сулуулукту жаратат.


Саркент улуттук жаратылыш паркы

Саркент улуттук жаратылыш паркы облустун Лейлек районунда жайгашкан. Парктын иши жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарларды сактоого жана коргоого багытталган. Парктын аянты 66 миң 194 гектарды түзөт. Анын аймагы карагай жана арча токойлорго бай, ошондой эле ал жакта беш бийик тоолуу көл бар. Мындан тышкары, жаратылыш паркында Кызыл китепке кирген көптөгөн жаныбарлар кездешет: илбирстер, сүлөөсүндөр, күрөң аюулар, тоо бүркүттөрү, балабандар жана башка канаттуулар...

Ошондой эле паркта түрдүү формадагы жана көлөмдөгү кызыктуу үңкүрлөр көп.


Ачык асман алдындагы таш музейи

Баткен шаарынан 4 чакырым алыстыкта ачык асманда «Ак-Таш» жана «Кара-Таш» музейлери жайгашкан. Бул жерде табият жараткан көптөгөн таш скульптуралар топтолгон. Мисалы, “Ган” деген тоо бар, жергиликтүүлөр эч нерсе угулбагандыктан аны “Жаңырык” деп аташат. Элеттик тургундар Чакмак-Таш тоосунан эч кандай кыйынчылыксыз жалын чыгарууну билишет, анткени ал жерде илгертеден от жакшы тутанган. Ошондой эле «Төө» жана «Ташбака» деген тоолор да байыркыдан калган белек.


Каравшин тоолору

Чокулар, анын жалпак четтери беш миң бийиктикте алп кристаллдай учтуу кыркаларына айланган Ак-Суу жана Каравшин суу бөлгүчтөрүнүн кең мейкиндигин кооздоп турат. Чокулардын бийиктиги 4230 метрден (Асан) 5120 метрге чейин (Искандер), жолдордогу вертикалдуу дубалдардын узундугу 800 метрден 1500 метрге чейин. Бул тоолордо саякаттаган альпинисттер жапайы жаратылыш менен биримдиктин өзгөчө сезимине туш болушат. 


“Дугаба” альпинисттик базасы

Экстремалдык спортту сүйүүчүлөрдүн арасында Кадамжай районунун борборунан 31 чакырым алыстыкта жайгашкан Алай кырка тоосунун боорундагы “Дугаба” альпинисттик базасы белгилүү. База эл аралык стандарттарга жооп берет, ага дүйнөлүк деңгээлдеги дээрлик альпинисттер келет. «Пирамида» чокусу (деңиз деңгээлинен 5509,9 метр бийиктикте турат) аймактын гана эмес, бүткүл Кыргызстандын альпинисттик жана туристтик зонасынын башкы сыймыгы болуп эсептелет. Бул жерде альпинизм боюнча СССРдин чемпионаты өтүп турган.


Баткен өрүгү

Бүгүнкү күндө аймак атактуу Баткен өрүгү менен сыймыкка ээ. Анын даамы жана дарылык касиеттери биздин өлкөдө гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү. Келечекте бул өрүк бизнеси өркүндөп-өсөрүнөн шек жок. Ошондой эле Баткендин керемети – Айгүл гүлү менен белгилүү. Анын кызыл-сары жалбырактары коңгуроону элестетет. Айгүл апрель айында гүлдөйт, ошондуктан жыл сайын ушул айда “гүл майрамы” белгиленет.


Айгүл гүлү жана ага байланышкан уламыштар  

Эл арасындагы уламыштардан алганда, илгертеден бул жерде бир хан жашап, Айгүл аттуу сулуу кызы болуптур. Анын сүйүктүүсү Козу Улан эч кимге жеңилбеген эр жүрөк баатыр экен. Жаштар бири-бирин абдан жакшы көрүшөт. Бирок кыздын атасы жигитти душмандарга каршы согушка жөнөтөт. Көп өтпөй душман толугу менен талкаланып, коргоочу аскерлердин башында турган Козу Улан каза табат. Жигиттер Козу-Уландын жүрөгүн Айгүлгө алып келип беришет. Айгүл сүйгөнүнүн жүрөгүн колуна алып, бийик аскалуу тоого чыгып, ылдый карай боюн таштайт. Сулуунун чачыраган каны гүлгө айланып калганы ошондон бери айтылып калыптыр...

Гүлдүн узун жашыл жалбырактары бар, ал баардык өзөгүндө өсөт, узундугу бир метрге чейин. Анын кызыл-сары желекчелери коңгуроону элестетип турат. Айгүл гүлүнөн ар дайым шүүдүрүм тамчыларды көрөбүз, жергиликтүүлөр муну «Айгүлдүн көз жашы» деп аташат. Ал эми кыз өзүн таштаган аска Айгүл-Таш деп аталып калган. Тоонун жанында дагы бир бийик түздүк бар, ал эл арасында Козу Улан кебине айланып кеткен...

Баткен облусу олуттуу изилдөөнү жана инвестицияны талап кылат. Аймактын потенциалы кеңири, өлкөнүн эң бай облусуна айлантып, дүйнөлүк деңгээлдеги туризм үчүн жагымдуу борбор кылууга болот. 


(Уландысы кийинки санда)  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер