Башыңыз бош болсо, дос болууга аракет жасайт элем...

(Жазгүл Кийизбаевага!)
Сиз саламаттык сактоо министрлигинде иштеп жүрүп, көп жакшы иштерди жасагансыз. Жоопкерчиликтүү, тыкан экениңизди билем. Бирок агездеги жетекчиликке жакпай калгансыз. Ошентип, стас-катчылыктан бошотулганыңыз эсимде. Андан кийин кайда кеткениңизден кабарсыз элем. Ал эми жакын арадан тарта санарип өнүктүрүү министрлигинде иштеп жатканыңызды угуп, көңүлүм жай алып калды. Сиз кайсы тармак болбосун, баардык жагын жөндөп кете турган универсалдуу жетекчисиз. Ден соолук, ийгиликтерди каалайм! Сыртыңыздан ишмердигиңизди, оор басырыктуу мүнөзүңүздү, айым катары жагымдуу дүйнөңүздү баалайм. Сыйым жогору. Башыңыз бош болсо, сөз айтып, дос болуу үчүн аракет жасайт элем. Тилегим жүзөгө ашабы? Аны турмуш көрсөтсө керек. Тек гана ичтеги кайнаган сезимдерди билдирип коюу үчүн батындым. Сиздей жакшы адамдарды колдоп, камкордук көрүш керек. Себеби, коомго пайдаңыз көп тийерине ишенем. Келечегиңиз кең болсун! Бир жигит жактырып жүрөрүн билсеңиз эле мен үчүн чоң дем! Кудай буюрса, балким кездешип калабыз...
Алтынбек, мугалим
"Азия Ньюс" гезити