Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Биздин Конституциябыз түз айтканда диктаторлук, бирок ниети жакшы”

Бакыт Бакетаев: “Биздин Конституциябыз түз айтканда диктаторлук, бирок ниети жакшы”

15-апрель, 13:43
874 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бакыт Кушбекович, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум эмне менен аяктайт? 

-- Референдумда шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгү киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүн добуш берери айтпаса да түшүнүктүү. Анткени, Конституциянын текстин шаар тургундарынын кайсы бир бөлүгү, журналисттер, саясат талдоочулар, саясатчылар, активисттер, юристтер гана окуп чыгышты. Калктын калган бөлүгү бул Конституцияны көрө да элек. 

 Азыр президент Садыр Жапаровдун эл арасында кадыр-баркы дагы да чоң. Эл ага чоң үмүт артып турушат, ошондуктан, менимче, анын шайлоочулар Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесин колдошот. 

 Учурда өлкөдөгү окуялар мага Чилидеги Пиночеттин мезгилин эске салууда, бул жакшы мааниде айтканым. Президент досу Камчыбек Ташиев менен Кыргызстанды бай, гүлдөгөн өлкөгө айландырууну каалап жатканы айдан ачык. Бул амбициялык максатына жетүү үчүн ал кандайдыр бир парламентаризмге таянбай, кандайдыр бир коомчулуктун пикирине, коомдук аң-сезимге байланып отурбай, өлкөнү бир кол менен башкарууну пландаштырууда. Азыр Кыргызстанда мындай абстрактуу нерселерге үмүт да жок. Биздин келечектеги Конституциябыз түз айтканда диктаторлук, бирок ниети жакшы. 

Так ошондуктан, мен Жапаров менен Ташиев экөөлөп Кыргызстандан ортазиялык Чилини – бай, эркин, келечектеги либералдык өлкөнү жасоону чечишти окшойт деп ойлоп жатам. Албетте, Пиночет бийликке кан менен келген, ошондуктан анын бийлигинин негативдүү тарабын четке калтырып, позитивдүү аспектилерге гана көңүл бурушубуз керек. 

-- Кыргызстанда дайыма күчтүү оппозиция болуп келген, башка саясатчылар башкаруунун мындай ыкмасын кандай кабыл алышты? 

-- Бул маселе бүгүнкү күндө ачык бойдон калууда. Азырынча Конституциядагы өзгөртүүлөрдү биздин саясый жана бизнес-элита колдойбу же жокпу, түшүнүксүз. Анүстүнө учурда референдум ийгиликтүү өтөрүнө күмөн жок калды. Андан ары экономикалык саясат кандай образда түзүлөрүн байкоо керек. Эгер бизнес-элита ыраазы болсо, анда элди митингге эч ким баштабайт. 

Мен өзүм президент жана Ташиев менен жолугуша элекмин, ошондуктан алардын планын билбейм, айтып жаткандарым божомолдорум гана. Алар диктаторлук режимде беш-он жыл башкарып, өлкөнү мыйзамдуулукка жана тартипке салууну пландап жатышат деп ойлойм. Андан кийин кандайдыр бир либералдык нерселерге уруксат беришет, азырынча бизде либерализм аз эмеспи. 

Жаңы Конституция боюнча баардык бийлик президенттин колунда болот. Парламент дагы, жергиликтүү бийлик органдары дагы, өкмөт дагы ага атаандаш боло алышпайт. Ошону менен Жапаров өлкөнү башкаруунун реалдуу рычагдарын колуна алат. Баардык министрликтер, мекемелер, бизнес жана саясый чөйрө президенттин айтканын жасашат. Бул тууралуу президент кимдир бирөөгө жашынбай, дээрлик чечимди жеке өзү кабыл аларын ачык айтты. 

Буга чейин президенттер демократиялык ширма, парламент менен калкаланып, бирде сот көз карандысыз дешип, жоопкерчиликти өздөрүнөн четтетишчү. Жапаровдун саясаты дүйнөлүк практикадагы Пиночеттин аракеттерине кандайдыр бир жактан окшошконсуйт. Ал аракеттеринин жыйынтыгында Чили бүгүнкү күндө Түштүк Америкадагы эң бир өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулбадыбы. 

 Азырынча “ал Ташиев менен биргеликте кырдаалды көзөмөлдө кармай алабы?” деген суроо ачык бойдон. Кыргызстанда жамааттык түрдө чечим кабыл алуу күчтүүлүк кылат. 

-- Референдум менен чогуу жергиликтүү бийлик органына шайлоо да өтөт. Бул шайлоолор эмнеси менен маанилүү, эмнеге ал ушунчалык ажиотаж болуп жатат? 

-- Бул шайлоолор эч кандай өзгөчөлүү эмес. Талапкерлер өздөрү да эмнеге умтулуп жатышканын билишпейт. Алар “эмнени чечебиз” деп ойлоп жатышат. А чындыгында, алар эч нерсе чечпейт, баардык маанилүү чечимдер президенттин администрациясынан келет. Шаардык кеңешке эмнеге мынчалык жулунуп жатышканы түшүнүксүз, балким инерция боюнча. Балким, ал жакка барып алып кайсы бир майда маселелерди чечип, өздөрүнүн бизнес кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп жатышкандыр. 

Эгер бул шайлоого ири саясый партия тарабынан көз салсак, анда алардын айрымдары ушул жылдын күзүндө Жогорку Кеңешке болчу шайлоого репетиция кылышууда десек болот. Өздөрүнүн депутаттарын жергиликтүү бийлик органына киргизишет, электораты канчалык деңгээлде экенин билишет, кайсы аймакта реалдуу колдоого ээ болорун байкашат. Ошентип, алдыдагы параменттик шайлоого карата машыгуучу шайлоо кампаниясы. Бирок жогоруда айтканымдай, мындан ары парламентте жадагалса ири партиялар да маанилүү чечимдерди кабыл ала алышпайт, баардык реалдуу бийлик президенттин колунда болот. 

-- “Шайлоодон кийин ызы-чуу болот” деген коркунуч жаралды, анткени бир катар партиялар “Ата Журт – Кыргызстан” партиясын административдик ресурс колдонууга айыпташты.

-- Бул шайлоодо административдик эмес, каржылык ресурс иштесе керек. Кайрадан көптөгөн партиялар добуш сатып алуу, белек берүү ыкмасын колдонушат. Элибиз буга көнүп калды. Абдан аз адам, шайлоочулардын бир пайызы гана саясый мотивде добуш берет. Калганы азыраак акча, белек алышат да “демөөрчүлөр” үчүн добуш беришет. 

Мурда болгон административдик ресурс азыр жок. Президенттин администрациясына жакын партиялар жеке байланыштарын колдонушат, аны менен башкалардын алдында өзгөчөлөнүшөт. Муну административдик ресурс катары атоого болобу? Айтыш кыйын. 

Ызы-чуу боюнча айтсак, азырынча ага чоң себептер жок. Эгерде эле туруксуздаштыруучу жаңы фактор пайда болбосо, мисалы, аскердик жаңжал... Бирок мен аны каалабайт элем.


P.S. «Ритм Евразии» маалымат агенттигине берген интервью. (Интервью 11-апрелге чейин алынган.)

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер