Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: «Анархиялык Кыргызстанга Саакашвилидей реформатордун кереги жок»

Бекболот Талгарбеков: «Анархиялык Кыргызстанга Саакашвилидей реформатордун кереги жок»

26-июнь, 22:38
1 445 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бекболот агай, жакында Украинанын президенти Зеленский Грузиянын экс-президенти Саакашвилини реформалардын аткаруу комитетинин төрагасы кылып дайындады. Мурда СССР курамына кирген өлкө катары Украинанын тагдыры, албетте, бизге жакын. Сиздин пикирде Саакашвили ийгиликтүү реформа жүргүзө алабы?

-- Алгач тарыхка кыска көз чаптырып, ийгиликтүү экономикалык реформаларды талдап көрөлү. Алгачкы андай иштер экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жасалган. Германия Федеративдик Республикасы (ФРГ) агезде катастрофа абалында калган болчу. Айыл-шаарлары, ишканалары талкаланган. Элде акча жок. Өлкө СССРге 25 млрд. доллар кун төлөөгө милдеттендирилген. Агезде ал эбегейсиз каражат эле, азыркы 25 трлн. доллар болсо керек. Ал жагдайда алгач экономика министри, анан өкмөт башчысы Людвиг Эрхард акча реформасынан баштап, эл чарбасын өнүктүрүү үчүн инфраструктураны жакшырткан. Мисалы, атактуу немец автобандары курулган. Эрхард «немец кереметин» жасай алганы дүйнөгө белгилүү. Ошол эле маалда согуштан, атом бомбасынан талкаланган Японияда америкалык генерал Джордж Маршаллдын планы турмушка ашырылган. Анда АКШнын көмөгү чоң ролду ойноп, ири инвестициянын жана япондордун «өмүр бою иштөө» («пожизненный найм») башкаруу системасынын таасири алдында «япон керемети» жаралган. 

Кийинки «экономикалык керемет» Чыгыш Азия «жолборсторуна» таандык. Алар үчүн үлгү, албетте, 1965-жылы эркиндик алган Сингапурдун жетекчиси Ли Куан Ю болгон. Анын жемиштүү реформасынын негизги факторлору – бул темирдей тартип, адилет сот системасы жана эркин ишкерлик. Ал реформа баштаганда коммунисттерди камап салган. Алардын жолбашчысы Лим Чин Сион түрмөдө асынып өлгөн. Сингапурдун жолу менен Гонконг, Түштүк Корея, Тайвань ж.б. өлкөлөр дүркүрөп өсүшкөн. 

Эми Латын Америкадагы «экономикалык кереметти» көрөлү. Чили, 1973-жыл. Үч жылдан бери социализм куруу аракети жүрүп, өлкө кризиске тушуккан. Элдин жашоосу оорлоп, бюджетти дефольттон СССР сактап турган. Бирок, президент С.Альенде «алган багытыбыз туура, жакшы иштер жасалууда, келечекте мыкты өлкө курабыз» деген бекем ишеничте болчу. Абалды туура баамдаган аскер жетекчилери генерал Пиночетти лидер кылып, кандуу төңкөрүш жасашкан. Пиночет бийликти алып, темирдей тартип орнотуп, экономикалык реформа жүргүзүүгө ошогезде пайда болгон Чикаго балакайларын («Чикагские мальчики») чакырган. Натыйжада Чили Латын Америкада артта калган өлкөдөн эң өнүккөн өлкөгө айланган. 

Экономикалык реформанын кийинки дүйнөлүк үлгүсүн Кытай өлкөсү көрсөттү. Анын кеменгер жетекчиси Дэн Сяопин реформаны 1978-жылы айыл жеринен баштаган. Айыл элин мамлекеттин мойнунан алып, аларды эркин чарбачылык жолуна салган. Үнөмдөлгөн каражатка келечектеги алп Кытайдын алгачкы өсүү точкаларын, «эркин экономикалык аймактарды» түзүп, өнүктүргөн. Өлкөнүн «эшиктерин» кеңири ачып, тышкы ири инвестиция тарткан. Кытай жетекчилери акылман экономикалык реформасы менен мамлекеттик башкарууда коммунисттик системаны сактап кала алышты. 

Чыгыш Европага келели. Өткөн кылымдын 90-жылдары андагы социалисттик система кыйрап, анын өлкөлөрү рыноктук реформаларды башташкан. Лидерлик Польшада болчу. Атактуу президент Лех Валенса реформатор Лешек Бальцеровичке кеңири мүмкүнчүлүк берет. Анын «шок терапиясын» кийин калган өлкөлөр өздөрүнө ылайыктап колдонушту. Бальцерович аларга «маяк» болуп берди. Бирок, Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ичинен өзгөчө рыноктук реформага кабылган бир өлкө бар эле. Ал – Германия Демократиялык Республикасы (ГДР), социализм лагеринин эң өнүккөн өлкөсү, «витринасы». Аны өз карамагына кошкон ФРГнын адистери чыгыш туугандарынын өнөр жай тармагын кандайча рынок экономикасына ылайыктаганын 2004-жылы Германияда болгонумда мага бир профессор айтып берди эле. Анын айтымында, ФРГнын адистери ГДРдин экономикасы 15-20 жыл артта экенин жакшы билгендиктен, анын «сонун» иштеп жаткан завод, фабрикаларынын теңинен көбүн бульдозер менен түрттүрүп салып, ал аянттарга жаңы өнөр жай ишканаларын курушкан. Ал эми калган завод, фабрикалардын имараттарын гана колдонушкан. ГДРдин инженер, жумушчулары кайра окутулуп, ФРГнын ишканаларында стажировкадан өтүшкөн. Беш-алты жыл ичинде айырма жоюлган. 

-- Эми СССРдин курамына кирген өлкөлөрдөгү экономикалык өзгөрүүлөргө токтолсок...

-- Прибалтика республикалары 1940-жылы СССРдин курамына зордоп киргизилгени белгилүү. Алар союз жоюлар замат өнөр жай тармагында Бальцеровичтин реформасын колдонушкан. Ал эми айыл чарбасында колхоз-совхоздорду дароо жоюп, жерлерди 1940-жылга чейинки менчик ээлерине кайтарышкан. Прибалтика өлкөлөрү он чакты жыл аралыгында Европа стандартына кайтып, татыктуу жашап-иштөөгө өтүшкөн. Реформага барган төртүнчү республика – бул Армения. Анын акыбалы 90-жылдары катастрофа чегинде болгон. Азербайжан менен согушуп, толук блокадага кабылган. Ачарчылык кокодон алып, энергетикалык кризис курчуган. Токтоосуз реформадан башка арга калбаган. Аларда «колхоз, совхоздор кан-жаныбыз, ата-энебиз» деп сайрашкан биздегидей «булбулдар» болгон эмес. Ошондуктан президент Л.Тер-Петросян 1990-жылы январда өз жарлыгы менен колхоз-совхоздорду жоюп салган. Жер, мүлк айыл элине таратылып, 320 миң дыйкан чарба түзүлгөн. Жыйынтыгы, эгер 1990-96-жылдары, мисалы, Россия, Грузияда айыл чарба өндүрүшү 60 пайызга төмөндөсө, Арменияда тескерисинче 120 пайызга өскөн. Реформатор бешинчи өлкө – бул Грузия. 2004-жылы 4-январда президент болуп Михаил Саакашвили шайланат. Агезде өлкөнү коррупция туташ чырмап, криминал башкарчу. Саакашвили «караларды» аёосуз талкалаган. Коррупция күрөшүн көрөлү. «Транспаренси Интернешнл» уюмунун дүйнөлүк рейтинги боюнча 2003-жылы Кыргызстан 116-орунда, Грузия артта, 125-орунда турган. Ал эми 2019-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан 128-орунга түшүп кеткен. Грузия болсо 46-орунга көтөрүлгөн. Ошондой эле «бизнеске жакшы шарт түзүү» дүйнөлүк рейтинги боюнча учурда Кыргызстан 80-орунда, Грузия болсо 7-орунда. Кандай зор айырма, кандай укмуш прогресс! Саакашвилинин реформалары дүйнөлүк деңгээлде жасалган, мыкты үлгү катары тарыхта калат. 

-- Калган он постсоветтик өлкөлөрдө реформа кандай жүрдү?

-- Тилекке каршы, ошол он өлкөнүн биринде да комплекстүү, ийгиликтүү экономикалык реформа жүргүзүлбөдү. Алар Россияны карап, аны туурашкан. Орустардын Чубайс деген реформатору постсоветтик өлкөлөргө «маяк» болду. Анын реформасынын натыйжасында жаңы Россияда 78 миң өнөр жай ишканалары тыптыйпыл талкаланды. Жүз миң айыл-кыштак жер үстүнөн жоголду. Чубайсты пир туткан кыргыздын алгачкы реформаторлору Кыргыз ССР өнөр жайынын төрттөн үчүн жок кылышты. Айыл чарбада гана аграрчылар, Чубайстын шакирттери менен салгылашып, укукту алардан өздөрүнө алып, жер жана агрардык реформа жүргүзүп, айыл өндүрүшүн 1989-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйтө алышкан. 

-- Саакашвилинин Украинадагы ишмерлигине келели…

-- Ал чоң тобокелчиликке барып жатат. Анын максаты – Украинаны «бизнеске жакшы шарт түзүү» рейтингинде дүйнөдө алдыңкы 20 өлкөгө киргизүү. Ал максатты турмушка ашыра алабы? Менимче, ашыра албайт. Эки ири тоскоолдук бар. Биринчи, Украинанын бүтүндүгү учурда кооптуу абалда. Эксперттер «де-юре өлкө бирөө, де-факто беш Украина бар» деп эсептешет. Одесса, Херсон, Николаев жана Запорожье региондорунун өз олигархтары, алардын жеке армиялары бар. Алар Саакашвилинин реформаларын колдошобу? Азырынча белгисиз. Экинчи, Украинада коррупция деңгээли зор, Кыргызстан менен теңдеш (129-орун). Саакашвилинин украин коррупционерлерин жеңип чыгары арсар. Ошентсе да, бул эксперименттин жыйынтыгын күтөлү. Эгер Саакашвили Украинада да «экономикалык керемет» жасай алса, анда эч тартынбастан аны Эрхард, Ли Куан Ю, Дэн Сяопиндердин катарына кошсок болот.

-- Саакашвили бизде премьер-министр болуп дайындалса кандай болот эле?  

-- Менимче, ал эки-үч ай иштеп, анан качып кетмек. Эмне себептен? Саакашвилинин туруктуу эки куралы бар. Оң колунда мамлекеттик тартип, сол колунда адилет сот системасы. Ал эми бүгүнкү Кыргызстандын анархиялык мамлекеттик башкаруу системасында каяктагы тартип? Бардык тармактарда, жер-жерлерде жоопкерсиздик, башаламандык үстөмдүк кылып жатса, каяктагы адилет сот системасы? Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрү «элибиздин токсон пайызы сотторго ишенбейт» деп диагноз коюп жатышса. Анархиялык Кыргызстанга Саакашвилидей реформатордун кереги жок. Бизге Кубатбек Бороновдой кризис-менеджер керек. Ал айлык акы, пенсия, жөлөк пулдарды үзгүлтүксүз берип, чуулуу окуялар жаралса, аларды учурунда басып, анан ичип-жебесе эле ыракмат айтканыбыз оң. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер