Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлкөдө туруктуулук орноп, качан жай турмуш келет?

Өлкөдө туруктуулук орноп, качан жай турмуш келет?

28-ноябрь, 14:04
1 263 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Конституциянын талаш-тартышы, президенттик шайлоо менен кайрадан чыр-чатактар, толкундоолор жаралбайбы? Туруктуулукту камсыздоо үчүн кандай сунуштарыңыз бар?” деген собол таштадык. 

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:

-- Өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуунун бир эле жолу – бул учурда саясый лидерликти колуна алган Садыр Жапаровдун позициясы. Эгерде ал саясый интригалардан, жеке же топтук саясый кызыкчылыктардан жогору болуп, жалпы улуттук идеяларды көтөрө алса, ар кандай саясый топторду, региондук элиталарды бир максатка бириктире алса, анда туруктуулук болот. Болбосо "тапанташ согушу" чыгып кетишинен азыр эч ким деле күмөн санабайт болуш керек, "күч кимде болсо, бийлик ошондо" деген принцип узак мөөнөткө мандат бербейт.

Игорь Шестаков, саясый серепчи:

-- Өлкөдөгү парламенттик башкаруу системасы, анын башында турган Жогорку Кеңеш Кыргызстандын элине жаркын жашоо тартуулаган жок. Ошондуктан реформа кыргыз элине аба-суудай керек болуп атат. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, пандемия келген учурда ЖК депутаттары 200 миң сом эмгек өргүү акчасын алып, үн дебестен каникулга тарап, күздө боло турган парламенттик шайлоонун камын көргөнү кетишти. А эл өз жандарын өздөрү сактап, мамлекеттен орчундуу жардам күткөн жок. Жоопкерчиликти ошол учурда эч ким алган жок. Мамлекеттик башкаруу системасын түп-тамырынан реформа кылуу – замандын талабы болуп турат. Кыргыз эли өз жеринде туруктуу иш, туруктуу айлык акы менен камсыз болмоюн, бийликке болгон нааразычылык күндөн-күнгө күчөй берери турулуу иш. Жаңы президент жеке ишкерлерге мүмкүнчүлүк берип, ага жолду бууп, бут тосуп аткан чиновниктерге катуу чара көрбөсө, өлкөдө туруктуулук болбойт. 

Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер:

-- Конституция долбоору алдыда келе жаткан президенттик шайлоого, Садыр Жапаровго карата уюштурулган шылтоо болуп атат. Башмыйзамда маселе деле жок. Карапайым эл “жакшы Конституция долбоорун кабыл алганы жатышкан окшойт, чын эле ушунун айынан талаш-тартыш болуп атканбы...” деп түшүнүшү ыктымал. Ал эми жогору жактагылар баарын жакшы билишет. Кеңешменин талкуусу жүрүп жатат. Ал бир айга же андан да узак мөөнөткө созулаттыр. Талкуудан кийин кандай Башмыйзам кабыл алынат – бул да өзүнчө маселе. Азырынча ар кай жерде бул боюнча жыйындар өтүп атканын билебиз. Канткен күндө да кайсы бир деңгээлде  мыйзамдык сабаттуулугубузду жоюп атабыз. Бирок, ушуга шылтоолоп, элди дүрбөтүү аракетин кылып, Садырды жаманатты кылгысы келген топтун максаты – бүгүнкү күндө кандай болсо да Садырды бийликке жолотпой кулатып, топтун арасынан бирөөсү президент болуп чыгышын каалап турат. Анткени Садыр “коррупционерлер менен күрөшөм” дегенди эртерээк айтып алды. Аракетин да эрте баштап алды. Бүгүнкү күндө коррупционерлер биригип кетти. Башында Өмүрбек Текебаев турат, муну мен ачык эле айта берем. Мындан 10 жыл мурун жөө жүрсө, Турсунбек Акун айткандай азыр 500 млн. доллардай акчасы бар, бай, каяктан анчалык байлыкка жетти? Аны өзү деле далилдеп бере албайт. Биз билгенден, эч кандай бизнесте иши жок адам. Ал ушу коррупциялык жол менен партия түзүп алып жетти. Аркасында мындан да чоң “киттери” турат. Алдыга түртүп коюп карап турушат. Өлкөдө туруктуулукту камсыздоо үчүн Садыр эмес эл менен коррупционерлер ортосундагы күрөш жүрүп жаткан учурда эл утулуп калбаса экен деп тилеп отурам.       


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер