Чоң жолго тартип орноткон Жеңиш Жоробеков уулума рахмат!

Мен 75 жаштагы ардагер пенсионермин. Жылыга көлгө кемпиримди, неберелеримди салып алып, бир жума эс алып кетем. Бул саам жакшы саамалыкка тушуктум. Төрт жарым саатта Бишкектен түз Бостериге жеттим. Жолдо кадимкидей тартип, мерчемдүү жерлерде МАИ кызматкерлери турушат. Ылдамдыкты ашыкча айдагандарды тескешип, кутурган айдоочуларды сая кубалашып, жиндерин чыгарып койгонун да чоң трассадан көрдүм. Жаза тайып мен да ылдамдыкты көбөйткөнүм үчүн токтоп, документтеримди көргөзүп, ыңгайсыз абалда калдым. “Ай, балам, кечирип кой, мендей атаң болсо керек...” деп чыйпыйым чыгып кетти. Акча алат го деп ойлогом. Алган жок. “Ата, жаныңызда кичинекей балдарыңыз бар экен, шашпай айдаңыз” деп узатып коюшту. Мындай сылык мамилени чет өлкөдөн көргөм. Көрсө, биз да маданиятка, өсүп-өнүгүүгө жетишкен экенбиз. Кымыңдап жолумду уланттым. Анан кемпиримен сурадым. “МАИнин чоңу ким ыя?” деп. “Ал биздин бала да, Жеңиш Жоробеков... Тогуз-Тородо иштеп жүрүп, үкөңдүн уюн уурдап кетишкенде таптырып бергенин унутуп калдыңбы?” дегенден кийин баарын эстеп жатпайымбы. Эми сөз бүттү. Тогуз-Тородо эл менен камыр-жумур болуп, чыныгы милиционер, элдин сакчысы катары иштеген кадимки Жоробеков уулум МАИнин чоңу тура. Анда ИИМдин иши оңолот экен. Рахмат сага, Жеңиш чырагым! Бизге окшогон аталардын батасы сага тийсин!
Болотбек, ардагер
"Азия Ньюс" гезити