Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Ташиевдин шайы: Акылбек Жапаровду “кустурабы”, же кетенчиктейби?

Камчыбек Ташиевдин шайы: Акылбек Жапаровду “кустурабы”, же кетенчиктейби?

02-июль, 12:11
2 159 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Темиров каналы” атайын иликтөө жүргүзүп, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаровдун аялынын, баласынын, башка туугандарынын оффшордук компаниялар менен байланышы бар экенин шардана кылып айтып чыкты. Эми бул Кыргызстанда мамлекеттик чоң кызматта жүрүп байыган коррупционер-миллионердин классикалык үлгүсү да, туурабы? Цивилизациялуу өлкөлөрдө мындай учурда министриби, же премьер-министри болобу – отставкага кетет. Себеби, биринчиден, ал булганган репутациясы менен бүтүндөй өкмөткө көлөкө түшүрүп, эл алдында аброюн кетирет. Экинчиден, ушинтип абийири аштай төгүлүп жатса, кайсы бети менен иштемек эле? Кызмат ордун ээлегенге моралдык укугу болбойт да...

Бизде, Кыргызстанда болсо мамлекеттик казынадагы акчаны өз чөнтөгүндөгү тыйындай пайдаланган коррупционерлердин бети калың эмеспи, колуна кишен салып, УКМКга алып барганга чейин былтыйып отура беришет. Коррупционерлерди “кустуруп” жаткан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин шайы жетеби? Мамлекеттик кызматты ээлеп туруп, оффшор менен байланышы болгон Акылбек Жапаровду “кустурабы”? Куудулдар айтмакчы “клизма жасайбы”, же “карга карганын көзүн чокубайт” дегендей, көрмөксөн, билмексен болуп кутулабы? 

Эгер чара көрбөсө, мыйзамдуулук, калыстык, адилеттүүлүк, акыйкаттык тепсендиде калат го? Мындай баалуулуктардын түбүнө жетебизби? Кызык, Өмүрбек Бабановго, Асылбек Жээнбековго “иштеген” мыйзам Акылбек Жапаровго келгенде иштебей калабы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер