Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Санира Маджикова: «Мекендештерибиз мигрант болбой, ITден өзүн тапса болот»

Санира Маджикова: «Мекендештерибиз мигрант болбой, ITден өзүн тапса болот»

13-сентябрь, 11:34
967 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

NEOBIS IT компаниясынын негиздөөчүсү менен маек.

-- Эмнеге ITни тандадың? 

-- Менде чет өлкөгө кетип окуп, иштегенге көптөгөн мүмкүнчүлүктөр болгон. Ата-энем дагы бул жакта эмне кыласың, кете бер. Окууларыңа жардам беребиз дешти. Бирок, менде башка мамлекетке кетүү оюмда жок болчу. Кыргызстанда калып, лидерлик позицияларды багындырып, биздин рынокту өнүктүргүм келген. ITге башынан эле кызыкчумун, кийин бул тармакка аралашканы туура тандоо жасаганыма ынандым. Азыр көптөгөн жаштар мигрант болуп башка мамлекеттерге кетип жатышат. Бирок, Кыргызстанда IT тармагындагыларга абдан чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп калган учур. Кыргызстанда жашап эле дүйнөнүн баардык бурчунда иштөөгө болот.Менин дагы тааныш-туугандарымдын арасында балдарын таштап, Россияга үч-төрт жылга иштеп кеткендер бар. Көптөргө жумуш табуу кыйын болушу ыктымал, бирок бизде айрыкча IT тармагында жумуш көп деп айта алам. Жарандарды мигрант болуп, арзан айлыкка иштегенче, IT жаатында билим алууга чакырат элем. Түрдүү курстар, онлайн окуулар көп. Алыскы аймактарда жашап, интернет аркылуу окугандарды, Бишкекте иштегендерди билем. Кыргызстандыктар кара жумушчу болуп аз акчага иштегенче, ITден өзүн тапса болот.

-- Силердин мектепте кимдер окуйт?

-- Эң негизгиси, биздин мектепте ITни жакшы көргөндөр, бул тармактын келечеги бар экенин түшүнгөндөр окушат. NEOBIS IT мектебин ачканыма төрт жылдан ашты. Бул аралыкта 550дөн ашык программист билим алды. Студенттердин курагы 14-50 жашка чейин. Арасында пенсияга чыккан эжелерибиз да бар. Алар күндүз иштеп, окууга кечкисин келишет. Студенттер жалпысынан Python, Java, jаvascript программаларын үйрөнүшөт. Атамекендик жана чет өлкөлүк рынокто IT адистерине суроо-талап жогору. Тажрыйбалуу программист айына 1000 доллардан жогору киреше таба алат. Биздин мектептин негизги максаты – жарандардын IT тармагында жумуш табуусуна жардам берүү. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын ичип, чеккени бузулганыбы?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер