Кеңешбек Айтикеев, серепчи: “Элдин кыйналганы менен бийлик эсептешпей калды”
-- Кеңешбек агай, өлкө бюджети көтөрүлүп, ички дүң продукция 1 триллиондон ашканы айтылып келет. Бирок оорукана, мектеп, бала бакча жетишпей жатканы азыр деле курч көйгөйлөрдүн бири болууда. Качан өнүгүүгө багыт алабыз?
-- “Өлкөдө экономикалык жылыш жок” деп айтууга болбойт, жылыш бар. Бирок, мага “ура-ура” менен бараткандай сезилет. Статкомдун баамындагы өлкөнүн экономикалык өсүшү, тармактар боюнча жыйынтыгын көрө элекпиз. Акылбек Жапаровдун “өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 триллиондон ашты” деген маалыматын укканбыз, эми 9 айдын жыйынтыгы боюнча чыккан жыйынтыкта карап көрөбүз, цифралар туура келеби, жокпу?
Цифралар өскөнү менен элдин социалдык абалын жакшыртууга жакшы көңүл бурулбай келүүдө. Мектеп, бала бакча, ооруканалар салынууда, бирок дагы деле жетишсиз, карапайым эл бала бакчаларга балдарын жайгаштыра албай кыйналып жатышат. Башка жакка барбайын, мына Бишкектин бурчунда турган Новопавловка аймагы азыр шаарга кошулуп, Ленин районуна караштуу Новопавловка МТУ болуп өзгөрдү. Ал жакта 150000ден ашык эл жашайт, эки мектепте балдар үч нөөмөт менен окушат. Ар бир класста 40-45тен окуучу окуйт. Калган балдар шаарга келип окушат, эртең менен жол тыгын, окуучулар мектептерге кечигип барышат. Оорукана жок, 150000 калкка эски дарыгерлер борбору бар. Ал борбор тар, шарты жок, эл батпайт.
-- “Мектеп салып бергиле” деп кайрылган жоксуздарбы?
-- 14 жылдан бери “мектеп салып бергиле” деп кайрылбаган жерибиз калган жок. Баары убада беришет, бирок аткарышпайт. Кимге ишенериңди да билбейсиң. 9,89 гектар жерге 1200 орундуу мектептин, 280 орундуу бала бакчанын, дарыгерлер борборунун имаратынын, стадиондун долбоорун даярдатып койгонбуз. Шаарга кошулганыбызга байланыштуу республикалык бюджетке да, шаардын бюджетине да кирбей калып кетти. Шаардын жетекчилигине бир нече жолу кайрылдык, эч кандай канааттандырарлык жооп ала алган жокпуз. 2025-жылдын бюджетине кирери да бүгүнкү күндө арсар болуп турат. Өткөндө шаардын чоң жыйынында сөз кылсам, мэр ачык жооп бербеди, “шаар чоң, каражат жетишсе карап көрөбүз” деп койду. Демек, элдин кыйналганы менен бийлик эсептешпей турганына көзүм жетти. Болгону, эл кайсы жерде чырылдап көйгөй жаратса, ошол жерге барышып, “мына, биз жасап беребиз” деп өздөрүн пиар кылышканынан башканы байкоого болбойт. Өнүгүүгө багыт алган мамлекет кайсы жерде чоң көйгөйлөр жаралса, ошолорду чечүүгө аракет жасашы керек эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Ал эми өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жылдын жыйынтыгы менен баа бербесе, азырынча бир нерсе айтуу оор, эрте. Эгер өлкөдө экономикалык өсүү болсо, анда биздин Новопавловкада мектеп салынат. Салынбаса, “өсүш жок” деп эсептесек болот.
-- Экономикадагы өсүш анча байкалбаса, анда эмнеге “илбирс секирик” тууралуу сөз кылып жатабыз?
-- Өкмөт экономикадагы өсүш боюнча “илбирс секирикке” жакындаган жок. УКМК коррупционерлерди “кустуруу” менен экономикага “илбирс секриктен” да ашыкча “секирик” жасап жатат.
"Азия Ньюс" гезити