Баткендеги жаңы жерге Мадина атындагы кичи шаарча куруу сунушталды


Фейсбук колдонуучу Рахматулла Кудайбердиев Баткендеги жаңы “Мадина” шаарчасын курууну сунуштады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
“Урматтуу кыргызстандыктар! Учурда Баткенди калыбына келтирүүгө карапайым журт, бизнес, бийлик жана эл аралык коомчулук ири каражаттарды берип баштады, көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Убакыттан пайдаланып, түшүп жаткан акчаны максималдуу түрдө максаттуу пайдаланууга чакырам.
Ал үчүн Лейлектин тажик тарап кол салган айылдардын биринин аймагында, күйгөн үйлөрдүн ордуна эмес, өзүнчө жаңы жерге кичи шаарча курууну сунуштайм. “Мадина” аталышын ала турган бул шаарчаны аймактын социалдык-маданий, саясый-экономикалык борборуна айлантуу керек. Ага өзгөчө макам берүү менен шаарда ишкана ачам, бизнес жүргүзөм деген жактарды 10 же 15 жылга салыктан бошотуу. “Мадинада” билим берүүнү Бишкектеги эң алдыңкы мектептерден кем калбагандай деңгээлде жүргүзүүнү камсыздоо зарыл. Ошондо ата-энелер иш менен камсыз болуп, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө мыкты шарт түзүлмөк! Бул демилгени жергиликтүү эл да, жалпы кыргыз журтчулугу да колдойт деген ишеничтемин” деп билдирди Рахматулла Кудайбердиев.











