Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садырбек Дубанаевдин “Генералдар клубун” башкарууга моралдык укугу жок!

Садырбек Дубанаевдин “Генералдар клубун” башкарууга моралдык укугу жок!

01-июль, 08:45
827 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. “Генералдар клубунун” башчысы Садырбек Дубанаев өздүк курамга акыл айтып, ошол эле кезде бийликке кошомат кылып, жеке басарлык деңгээлге жеткен тура. Баласы Адилет Дубанаевди салык кызматынын төрага орун басарлыгына чейин өстүрүп, сүрөп-таяп жүрүп чиновник кылыптыр. Тилекке каршы, анысы кедеринен кетип отурат. Адилет Дубанаев 4,8 миллион долларды максаттуу, үнөмдүү колдонбой, кеңсе буюмдарын алууда ашыкча чыгымдарды көрсөтүп, коррупцияга белчесинен батканы ачыкталды. Аз күн мурун камакка алынды. Калың элдин миллиондорун каалагандай калчап, ашкере ичип-жегени аныкталууда. Натыйжада, эки-үч эсе “кусуп”, жазасын алышы керек. Кайра мамлекеттик кызматка жолобогондой чек коюу зарыл. Ал эми атасы Садырбек Дубанаевдин “Генералдар клубун” башкаруу моралдык укугу барбы? Албетте, жок! Башка татыктуу генералга ордун өткөзүп берип кетпесе, ИИМге да сөз тийет. Тазалык, ырааттуулук керек да. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер