Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көзүмдөн жашым чууруп жатты. Апамдын акыркы шопинги экен ...

Көзүмдөн жашым чууруп жатты. Апамдын акыркы шопинги экен ...

04-август, 12:27
3 553 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Апа, момпосуйларды бул хрусталь идиштерге салайын ээ?

-- Жок, аны алып чыкпа, жөнөкөй эле табакка салып кой. Кошуналар эле келет.

-- А салаттардычы?

-- Аны тиги алтын сызмасы бар тарелкаларга сал. Экини эле алсаң.

Апамдын үйүндө эмне гана жок. Советтик мезгилдеги хрусталдар, фарфор сервиздер, күмүш кашыктар. Бирок биз аларды таптакыр колдончу эмеспиз. Ошол кездеги бардык эле аялдардай апам бул нерселерди өтө сый конокторго арначу. Ал коноктор жылына бир келет, келбесе жок. Бирине-бири кичине оозун ачып турган балык сувенирлер мурун ар бир үйдө болчу. Мага ошол балыктар аябай жагар эле. Бирок апам аны мага сылап турганга эле берип, кайра чаңын тазалап коюп койчу.

Кийин биз чоңоюп калганда апамды аябай кийинтким келчү. Эки көйнөгү болсо керек эле. Бири сары гүлдөрү менен, экинчиси күрөң түстө. Апам буларды деле кийчү эмес.

-- Апа, жаңы көйнөгүңүздү эле кийип чыксаңыз?..

-- Ой, мына бул эле жерге барып куран окутуп келем. Жасангандай жаш келин белем?

- Балдар деп жүрүп эле өтүп кетебизби? Бас ай, көңүл ачып, райондун борборуна чыгып келели, - деп келген шайыр курбусуна күлүп эле койчу.

Анткени түмөн түйшүк: кайненеси, күйөөсү, балдары аны тап жылдырбай кармап турса керек. Апамдын бош отурганын көргөн эмесмин. Башында мен “аял ушундай болуш керек, башка эмне кылмак эле?” деп ойлочумун. Бирок бул пикирим жаңылыш экенин кийин түшүнө баштадым. Анткени элди көрдүм, жерди көрдүм. Дүйнө таанымым өзгөрүлө баштады. Аял өзүн сыйлаш керек экен. Аялдын чарчаган энергиясы күйөөсүнө, кийин балдарына да жугат имиш. Байкасам, мен апама окшоп көп нерсени артка жылдырат экенмин. Мисалы, саякатка чыгууну, өзүмдүн ырахатым үчүн бир нерсени жасоону. Биздин коомдо аял өзүн үй-бүлөсү үчүн курмандык кылуусу кадыресе көрүнүш. Бул көрүнүштү жойгум келип жүрөт.

-- Апа, бактылуусузбу? - деп сурадым бир жолу.

-- Силер бактылуу болсоңор, жакшы окусаңар, турмуштан өз ордуңарды тапсаңар – мен бактылуумун.

-- Азырчы?

-- Силер чоңойгондо болом дебедимби?

Ошентип кургурум бактылуу болууну да кийинки убактарга жылдырып койгон эле. Ал мезгил келдиби, билбейм. Кийин бир ирет Бишкекке алып келип апамды соода борборунан баштан-аяк кийинттим. Тим эле супсулуу болуп калды. Өлчөп кийип көрүп кездемесин карап жаткан. Бааларын көрүп алып чалкасынан кетсе болобу!

-- Айланайын, 5 миңдик сомдук көйнөк кийбейм. “Дордойдон” эле кийинип алам.

-- Мен төлөп жатпаймынбы, кийе бериңизчи, апа?..

-- Ошо сени аяп жатпаймынбы...

-- Апа, аласыз! Баарын аласыз!

Өзүнчө күбүрөнүп-шыбыранып жатып дүкөнчү ороп берген нерселерди араң алды. Анан ээрчитип барып алтын топтом алып бердим. Анда такыр баш чайкап чыкты. Баасын түшүрдүм деп алдап жатып алып бердим. Кийин курортко жиберсем да, белек алып берсем да, баасын такыр угузбай кылганга үйрөндүм. Апам аны да байкап алып, баасын тыкылдатып сурап алчу да, кейий берер эле.

Бир күнү апам бизди таштап кетти... Сандыгын карап отуруп баягы мен алып берген көйнөк-кечектерди көрдүм. Баарынан жаманы – апам аны жонуна салбаптыр. Атургай этикеткалары да алынбаптыр. Апам кайсы күнгө сактаганын ким билсин, адатынча бул кийимди кийип, андан ырахат алуу кубанычын да кийинки убакка калтырыптыр... Көзүмдөн жашым чууруп жатты. Апамдын акыркы шопинги экен.

Азыр жаша, бүгүн болуп жаткан учурду кармап кал! Бүгүн жаша! Эртең сен дүйнөдө болбой калышың мүмкүн. “Үй алгандан кийинбалам чоңойгондон кийин же мына бул ишти аягына чыгара койгондон кийин” дебе. Учурунда жашоонун даамын сез, мейли, ал ушунчалык келжиректик болсун, мейли, ал кимдир бирөө үчүн барып турган акылсыздык болсун. Сага кубаныч алып келсе, ырахат тартуулаган нерсенин баарын кылып көр. Балдарыңа бирөө кымбат кийим алып келсе “эртең кийет, конокко кийет” деп катпа, анткени ал балакай ошол белектин даамын учурунда татсын. Тизип койбо, ал сынып калгыча кызың бойго жетет. “Бүгүн чай, нан менен эле чыдайм, үй алып укмуш ашканам болгондо эки түрдүү тамак жасайм” деп өзүңдү алдаба, анткени ал учурда таптакыр тамак ичкенге табитиң тартпай же түрлөп жегенге ден соолугуң жол бербей калышы мүмкүн. Бүгүн жашайлы, замандашым, бүгүн жашайлы!

нтернеттен алынды)

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер