Шайлообек Атазов: “Ар бир президент мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш”

-- Шайлообек мырза, бүгүн 4 паспорту бар жаран тууралуу маселе көтөрдүңүз. Ал ким экен?
-- Алхун Абдуллаев. Мага кайрылган шайлоочуларымдын айтымында, анын үстүнөн бир нече жолу кылмыш иштери козголгон. Бул кишини кармаш керек. Ал биздин өлкөбүзгө келген тыңчы болушу да мүмкүн.
-- Сиз бул киши тууралуу ИИМдин жетекчилигине да кайрылдыңыз окшойт. Ал эмне деди?
-- “Тез арада чара көрөбүз. Тапшырма бердик” дейт.
-- Атамбаевдин бошоп чыгышы боюнча оюңуз кандай?
-- “Бошоп чыкты” дегениңер кандай? Анын чет өлкөгө барып, дарыланып келүүсү боюнча чечим кабыл алынды. Кечээ өзү да маалымат жыйынын өткөрүп жатып, “ден соолугума байланыштуу чет өлкөгө кетип атам” деп айтпадыбы.
-- Иши кайрадан карала турган болсо, сиздин оюңузча, кандай чечим кабыл алынышы керек?
-- Ар бир адам, жөнөкөй жарандан президентке чейин мыйзам алдында бирдей болушу керек. Эгер ал презедент кезинде мыйзамдар бузулуп, туура эмес саясый чечимдер кабыл алынса, жооп берүүгө тийиш. Андай эмес, “токулган” кылмыш иштери болсо, акталышы керек.
"Азия Ньюс" гезити