Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээркан Бекмурунова: “Президентке үнүм жетеби? Аргасыздан үмүттөнүп отурам...”

Мээркан Бекмурунова: “Президентке үнүм жетеби? Аргасыздан үмүттөнүп отурам...”

07-декабрь, 12:00
316 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Дарыгер бул – Кудайдан биз үчүн түз жөнөтүлгөн ырыскы” деген кеп бар. Анын жашоосу эч качан оңой болбойт. Алар баарын унутуп, бүткүл өмүрүн адамзаттын ишине арнашат жана бейтаптарды өз жашоосунан биринчи орунга коюуга ант беришет. Мындай адамдарды ардактап алышыбыз зарыл эле. Бирок жүздөгөн бейтаптардын дартына шыпаа болуп, 46 жылдан бери эмгектенип келген Мээркан Алышевнадай дарыгерибиздин эмгеги бааланбаганы өкүндүрөт. Эмгекти баалап, учурдагы саламаттык сактоо министри Гүлнара Батырова эске алып, “Эмгек сиңирген дарыгер” сыйлыгын ыйгарат деген ишеничтебиз.

-- Мээркан Алышевна, дарыгерлик кесипти аркалаганыңызга көп жылдар болуптур. Учурдагы ишиңиз боюнча кеп салсаңыз?

-- Мен 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун педиатр адистигин аяктагам. 2003-жылдан 2005-жылга чейин үй-бүлөлүк дарыгер болуп эмгектенгем. Андан кийин кайра даярдоодон өтүп, 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштеп келем. Бишкек шаарындагы №4 (мурунку №8) үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна үч бейтапкана бириктирилген. Негизи бул бейтапканага 1976-жылы эле атайын багыттама менен келгем. Алгач мектеп дарыгери, андан соң участкалык дарыгер болуп кызмат кылдым. Талыкпас эмгегиме быйыл 46 жыл толуп отурат. 

Дарыгерлер деле ар түрдүү болот. Өзүм балдар дарыгери болгондуктан, жүрөгүм менен берилип, маянабыз азбы, көп болобу, ошого карабай эмгектенип келатам. Бизди эч убакта маянанын аз-көптүгү кызыктырган эмес. Дартка шыпаа тапканыбыз эле дем берет, шыктандырат. Ушунча жылдык дарыгерлик кесибимде канчалаган муунду дарыладым. Эми ошол өзүм караган бейтаптардын балдары мага келе баштады. 

-- Учурда эл арасында, балдар арасында оорулар жашарып, тубаса түрдүү дартка чалдыгып төрөлгөндөр да көбөйүп кетти. Ата-энелерге кандай кеңешиңиз бар?

-- Азыркы кезде оорулуулар көбөйдү. Балдардын, ата-энелердин ден соолугу үчүн ар ким өзү кам көргөнү оң. Жаңы үйлөнгөн жаштар балалуу болууга атайын даярдануусу зарыл.

Мен учурда кош бойлуу аялдарды да көзөмөлдөйм. Алдын ала баланын ден соолугуна кам көргөн дарыларды берип карайбыз. Кан басымы жогору, астмасы бар, майып адамдарды көзөмөлдөйбүз. Адистерге жөнөтүп, дарылоого муктаждарын дарылайбыз. Ишибиз мурдагыдан да көбөйдү. Мисалы, азыр эл тойго акча коротконду жакшы билет, бирок өз ден соолуктары маанисиздей. Айрыкча балдары 4-5ке чыкканча сүйлөбөсө деле “атасы ушундай эле” деп кайдыгер карашат. Өзгөчө  кыргыздар убагында дарыгерге кайрылышпайт. Элге медициналык кеңештер, түшүндүрүү иштери абдан зарыл. Канчалык билимдүү болуп, онлайн-офлайн режимдерин түшүнгөнү менен өз ден соолугубузга келгенде билимсиздигибизди көрсөтүп жатабыз. Ошондуктан өз ден соолугубузга кам көрүүнү унутпасак дейт элем.

-- Ушунча эмгек тажрыйбаңыздан кийин сизден кийинки эле келген дарыгерлер “Эмгек сиңирген” деген сыйлыктарды алышыптыр. Мындай көрүнүш катуу тийсе керек?

-- Мен бейтапканадагы эмгек жолумда көптөгөн грамоталар, сыйлыктар менен сыйландым. Ошол эле мени менен иштеген башкы дарыгерлер, ковид учурунда иштеген башкы дарыгердин орун басарлары ж.б. “Эмгек сиңирген” сыйлыгын алышууда. Мындай учурда, албетте, оор тийбей койбойт... 

Мисалы, кабинет дарыгерине караганда, биз ысык-суук болобу үйлөргө барып, балдарын бейтапкаканага алып келбегендерге түшүндүрүү жолдору менен айтып, ар кандай абалга кез келебиз. Ушул кезге чейин үй-бүлөмө, бала-чакамдын ден соолугуна кам көрбөй, убактымды элге арнап, ооругандарга кам көрүп келдим.  

Кечээ жакында президент сыйлык тапшырып жатканда 20 жылдык иш тажрыйбасы бар, же бир аз эмгеги бар эле дарыгерлер сыйланып жатса, “мен ушул баага татыктуу эмесминби?” деген ой келбей койгон жок. 

Мына, жетимишке жакындап баратам. Бейтаптарым “эмнеге сизге “Эмгек сиңирген дарыгер” сыйлыгы тапшырылган эмес?” деп сурап калышат. Мен “сурап алмак белем, аны өздөрү баалап берет да” деп жооп узатам. Өзүм үй-бүлөлүк дарыгер болгондуктан, практикамда үч эм балдар жарык дүйнөгө келишкен. Бул балдарды оору-сыркоосу жок, чың ден соолукта көзөмөлдөгөнгө мага алкыш жазылып, массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, “Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери” наамын ыйгарышкан. Өзүм эмгектенген бейтапканага эч кандай нааразычылыгым жок. Сыйлыкка көрсөтүп жатышат. Учурунда ковид, дагы башка шылтоолор менен каралган жок. Үстүбүздөгү жылдын жай айларынан бери саламаттык сактоо министрлигине барып, бул маселеге кызыга баштадым. Учурдан пайдаланып, “президентке үнүм жетеби?” деген үмүт менен төмөндөгү кайрылуумду жолдой кетсем. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Мен Бекмурунова Мээркан Алышевна Бишкек шаарындагы №4 (мурунку №8) үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 46 жылдан бери эмгектенип келем. Мен эмгектенген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун администрация жана профсоюз уюму саламаттык сактоо министрлигине “Эмгек сиңирген дарыгер” наамын ыйгарууга документтеримди бир нече ирет жөнөтүшкөн. Акыркы жолу 2022-жылдын июль айында №08/7771 катталып, 2022-жылдын 15-июлунда (№423) жөнөтүлгөн. Бул боюнча саламаттык сактоо министрлигине кайрылганымда, алар менин документтерим 2022-жылдын 17-июлундагы №4637 сыйлыктар боюнча бөлүмгө жөнөтүлгөнүн айтышты. Бирок ошол боюнча жооп жок. 

Ушул кайрылуума көңүл бөлүп, тийиштүү адистерге тапшырма берип коёрсуз деп үмүттөнөм!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер