Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөңүздүн бактысыз экенин кантип билсеңиз болот?

Күйөөңүздүн бактысыз экенин кантип билсеңиз болот?

25-февраль, 14:42
3 242 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ал кечинде жубайы менен мурункудай сүйлөшүп, өткөн күндөгү окуяларды талкуулабай калат. Келечекке чогуу план түзүп, максат коюуну токтотот. Анткени сөз арасында ашыкча сөз айтып алуудан коркот. Ошондуктан, андан көрө унчукпай коюуну туура көрөт. Кээде эркектер сүйлөшкүсү келбей жатканын ачык айтат.
 Майда-чүйдө нерселерге карата нааразычылыгы күчөп, кыйкымчыл болуп кетет. Аялы канчалык аракет кылса да жактырбай жумурткадан кыр издеп турат. Мисалы, мурун сизге жагымдуу маанай тартуулоого аракет кылып ресторанга, киного чакырып турса, эми антпей калат.

‍Түнт болуп кетет. 
Үйгө кирери менен телевизорго, телефонго же китепке “жармашып”, ошо менен убакыт өткөрөт. Алардан башка жашоо жоктой сыртта болуп жаткан нерселерге кайдыгер мамиле кылат. Сиз ал үчүн көзгө көрүнбөс жанга айланасыз. Чачыңыздын түсүн өзгөрткөнүңүз, арыктаганыңыз, жарашыктуу жаңы кийим сатып алганыңыз, булардын баары көз жаздымда калат.
Үйдө өзү жалгыз болобу, көчөдө достору менен болобу, көп ичип калат. Айланасына сизге чоочун адамдар топтолот. Алар менен сизди тааныштыруу тууралуу ою жок болот. Өтө эле көп убактысын жалгыздыкта өткөрөт.
Ар бир адамдын өз мейкиндигинде жашоого акысы бар. Бирок белгилүү бир убакытка гана. Эгерде жолдошуңуз жалгыздыкты көп каалап, демалыш күндөрүн да жалгыз өткөргүсү келсе, бул анын бактысыздыгынан кабар берет.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер