Акыркы кабарлар
» Коом » Акыркы убакта эт менен сүттөн антибиотиктер көп аныкталууда
Акыркы убакта эт менен сүттөн антибиотиктер көп аныкталууда
18-ноябрь, 21:54

Акыркы убакта эт менен сүттөн антибиотиктер көп аныкталууда. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Төлөн Ырсалиев “Спутникке” билдирген.
“Акыркы убакта, тилекке каршы, сүт менен эттен антибиотик аныкталып жатат. Базарларда сапаты төмөн азык-түлүк көбөйүп кетти. Биз да бир орунда турган жокпуз, ветеринардык дарыканаларды каттоодон өткөрүү жана ветеринардык каражаттарды рецепт менен сатуу каралган долбоорлорду иштеп чыгуудабыз” деди ал.