Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дааватчы Нуржигит Кадырбеков министр катары иштей албай койду

Дааватчы Нуржигит Кадырбеков министр катары иштей албай койду

29-январь, 21:00
3 824 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков сагызгандай шакылыктай сайраганы менен иштей албасын ачык көрсөттү. Бул тармакка жат киши экен. Мамлекеттик деңгээлдеги иштерди жүргүзө албай, эң элементардуу маданият өкүлдөрүнө ыраатсыз, чалды-куйду мамиле жасаганына күбө болдук. Алгач Курал, Кайраттын чуусуна ашынган диний көз карашта тыянак чыгарганы сынга кабылды. Ырчылардын сыйлыктарын ажыратууга ашыгып, орто жерден президенттик аппараттан тил угуп, кайра аларды кабыл алып, сүрөткө түштү. Башында “сүйлөшкөнгө убакыт жок” деп атып, кайра чегингени сокурлугубу?.. Андан соң Самара Каримова соттон мыйзамсыз чечим чыгартып алса, Нуржигит Кадырбеков ага кол коюп берип (жең ичинен ымдашкандай), дагы бир ирет уят болду. Ишенген кадры Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын коллективинен колдоо таппай, жаңжал жаратты. Эл көзүнө сыпаа көрүнгөн Самара баскынчылыгын далилдеп, түн ичинде окуу жайдын эшигин буздуруп кирип, бүтүндөй элдин оозун ачырды. Акыры мугалимдер митингге чыгып жатышып, жүзү шектүүдөн кутулуп тынышты... Айтор, эки жумага жетпеген убакытта дааватчы Нуржигит Кадырбеков министр катары тажрыйбасыздыгын тастыктады. Эми мындай жетекчини качанкыга чейин кармап отурушат? Учурда маданият, маалымат жана туризм тармагындагылар министрге нааразы болушууда. Же сөзсүз эле кубалашуу таризинде кетириш керекпи?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер