Акыркы кабарлар
» Саясат » Июнь окуясын козгоо менен чийеленген көп суроолор жаралабы?
Июнь окуясын козгоо менен чийеленген көп суроолор жаралабы?
10-декабрь, 17:56


Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча жазалоо талабы коомчулуктун кайсы бир бөлүгүнөн көтөрүлүп, талкуу барган сайын күчөп баратат. Албетте, эки жээк тирешчүдөй, бул боюнча бир тарабын айыптап, экинчи жагын алкабай туралы. Шалаакыларды же күнөөлүүлөрдү мезгил соту аныктайт. Эң башкысы, Июнь окуясынын алкагында козголгон кылмыш иштери кандай нукта өнүгөрүнө көпчүлүк кызыкдар. Бир эсе эски жараны козгоо керек беле? Же чындыкка жетүү маанилүүбү? Калк тараза, калыс болсун! Азырынча купуя иштердин күнгөй-тескейи анчалык белгилүү эмес. Кимдер камалат, кандай сырлар ачыкталат? Айтор, чийеленген суроолор көп.
"Азия Ньюс" гезити











