Акыркы кабарлар
» Коом » Алча кайсы ооруларга дабаа?
Алча кайсы ооруларга дабаа?
01-июнь, 19:11
2 228 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Алчанын курамында каротин, B1, С, РР витаминдери, никотин жана фолий кычкылы, цинк, калий жана магний бар. Курамындагы темирдин аркасында алча антисептикалык касиетке ээ жана бөйрөк, өпкө, жүрөк, кан тамыр системасынын ооруларына, кан аздыкка дары экендиги аныкталып жатат. Анткени алчада темир жүзүм, клюква жана лимонго караганда эки эсе көп. Ошону менен бирге алчанын ширеси стафилококк жана стрептококк сыяктуу бактерияларды жок кылат. Тактап айтканда, кош бойлуу аялдарга пайдасы зор.
Окумуштуулардын акыркы изилдөөлөрүндө алча туз чогулткан ооруларды эмдеген дары-дарымектердин таасирин көчөтөрү аныкталды. Алчанын курамында карагат менен бүлдүркөнгө караганда тамак сиңирүү системасына пайдалуу антоциан көп кездешет.