Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубан Чороев: “Пандемия чектөөлөр менен бирге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратты”

Кубан Чороев: “Пандемия чектөөлөр менен бирге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратты”

11-сентябрь, 15:33
394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кризисте кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралды? 

-- Дүйнөдө кандай гана кыйынчылык болбосун, бизнес эч качан токтоп калбашы керек деген принцип бар. Пандемия чектөөлөр менен бирге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылып жатат. Адамзаттын муктаждыктарында чек жок. Мындан улам ар кайсы кырдаалда бизнес ошого даяр болушу зарыл.  Бүгүнкү күнү бизге чоң чакырыктар болуп жатат, алар: үйгө жеткирип берүү, онлайн бизнес. Башка мамлекеттерде соода-сатыктын, кызмат көрсөтүүлөрдүн бул түрлөрү эбак эле өнүккөн болсо, Кыргызстанда эми гана баш көтөрдү. “Бизнести пандемия бүткөндөн кийин баштайм” дегендер утулган болот.

-- Ушундай абалда кайсы тармакка акча салуу эффективдүү?  

-- Негизи инвестиция мындай абалда бир топко басаңдап, элдердин келечекке болгон ишеними азаят. Бирок, ушундай кырдаалда инвестия жасагандар эки-үч эсе утушка ээ болгонун көрүп жатабыз. “Акча эч качан уктабайт” деген макал бар. Андыктан кырдаалдан пайдаланып, туура анализ жасай алгандардын күнү болот. Мисалы, пандемияда “Zoom” программасы укмуштуудай өнүктү. Негиздөөчү профессор платформаны өзүнө эле жасаган экен, бирок азыр анын капиталы эселеп өстү. Бул кадимки офисте жасалган эң жөнөкөй программа. Маселен, жакында эле “Bloomberg” билдиргендей, сервистин түзүүчүсү жана директору Эрик Юань «зуумду» колдонгондор көбөйүшү менен бир күндө 5,2 миллиард долларга байыган. Ал эми Эрик Юандын бүгүнкү күндөгү кирешесинин жалпы суммасы 22 млрд. долларды түзгөнү айтылды. “Зуумга” болгон талап Кыргызстанда дагы күч алганы баарыбызга белгилүү.

-- Сиз каржылык сабаттуулук боюнча да сабактарды өтүп келесиз. Айтсаңыз, канткенде жарандардын  финансылык билимин жогорулатса болот?  

-- Тилекке каршы, бизде жогорку окуу жайларда же мектепте каржылык сабаттуулук боюнча сабактар окутулбайт. Замандын талабына ылайык, ар бир үй-бүлө чыгаша-кирешесин эсептей билүүсү зарыл. Мисалы, адам кирешесинин он пайызын сактай билип, инвестиция жасаганды үйрөнсө, жалпы мамлекеттик сабаттуулук көтөрүлмөк. Менин пикиримде, финансылык билимди кичинекей  балдардан баштап, чоң кишилерге чейин үйрөтүшүбүз зарыл. Пандемия эл арасында “бери дегенде эки-үч айлык запас болушу керек экен” деген түшүнүктү жаратты. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер