Акыркы кабарлар
» Саясат » Ажонун айланасы Туманбаевдин ким экенин билишиптир, эми кызматтан алынабы?
Ажонун айланасы Туманбаевдин ким экенин билишиптир, эми кызматтан алынабы?
02-август, 09:00

Сыпайы мүнөз күткөн Каныбек Туманбаев алгач Икрам Илмияновдун шопуру катары телчигип, акча табууда “биринин-шапкесин бирине кийгизген” таланты менен байып, оңой олжонун эгедери катары чыга келет. Бийлик алмашып, Алмазбек Атамбаевден оомат кеткен соң Сокенин короосуна жакындай баштайт. Демөөрчү катары өзүн көрсөтүп, пайдасы тийе турган адамдарды колго алып, саясатка жылжып кирип келген. 2020-жылы “Биримдик” партиясынан алдыңкы тизмеге жазылып, Асылбек Жээнбековдун жакын адамына айланган эле. Октябрь төңкөрүшүнөн соң жаңы бийликке жол таап, курулуш иштерин бүткөрө коюп, лөктөргө жолтандабастарды тартуулап, жүрөк жибиткендей кадамдарга барганы кызык бекен? Ошентип, Садыр Жапаровдун колтугуна шынаарлап, эң ишенимдүү адамдарынын бирине айланды. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси катары бакыйып отуруп калды. Башында Каныбек Туманбаевди бизнесмен, меценат катары баалашса, бара-бара администрациядагылар ким экенин билишип, тамыры жок, акчаны оңой тапкан “мастер” экенинен шек санай башташканычы? Кайсы жерде ишкерлик кылыптыр? Белгисиз. Айрым ЖМКлардын жазганына караганда, ал чет элдиктерди ири миллиондорго алдап, сызга отургузуп кеткенби? Дал ушундай күмөн жараткан суроолорго жооп узатып койбойбу? Соңку убакта ажонун айланасындагы кызматкерлер, бир топ жетекчилер Туманбаевдин ким экенин билип, ага ишенбей калышканы ыраспы? Жакында жогорку деңгээлдеги төбөлдөр аркылуу маселеси чечилип, жумуштан кетери болжонууда... "Азия Ньюс" гезити











