Асыкбек Оморов, профессор: “Чубактын чуусундай чубалган Ош–Баткен–Раззаков мафия жолдору”


“Санжыра” борбору республикабыздын 7 облусундагы 453 айыл округунун 1906 айыл-кыштактарын жана 31 шаарларын кыдырышып, андан сырткары, чет өлкөлөрдө Евразиянын 43 мамлекетинде, республикалар, автономиялык облустар жана райондордо жайгашкан кыргыздар арасындагы ар кандай кызыктуу тарыхый-санжыра окуяларды жана архивдик материалдарды чогултушуп, кыргыздын 40 томдук тарыхый-санжыра китептерин жазууга материалдар топтоду. Буга чейин Баткендин 212, Таластын 93, Чүйдүн 347, Ысык-Көлдүн 168 айыл-кыштактарын Сары-Жазга чейин кыдырышты.
-- Асыкбек ага, сиз жетектеген “Санжыра” борбору түйшүк тартып, жер кезип, санжыра китептерин жазууда материалдарды топтоо менен алек болуп келесиздер. Тарыхчы-жазуучудан тышкары, инженер куруучу, геодезист адис катары Кыргызстандын түштүк тарабындагы жолдордун абалы, анын ичинде Ноокат жолуна токтолсоңуз?
-- Ушул айыл-кыштактарды кыдырууда, айрыкча түштүктүн эң алыскы аймагы болгон Ош–Баткен–Раззаков автотрассасында Ноокат, Кызыл-Кыя, Кадамжай шаарларын басып ɵтүүгɵ туура келет. Мурун союз учурунда “Россия” деп аталган колхоз азыр “Баргы” айыл ɵкмɵт округу болуп аталып калган, ошол Баргы айылынан 28,0-31,5 же болбосо 3,5 км аралык автожолдун генералдык подрядчиги Жалал-Абад шаарынын ДСУ-2 жол курулуш мекемеси болуп саналат. Ал эми субподряддык мекемелери болуп Ош облусунун Ош шаарынын “Вегастрой” менен “Ак-Белес” жол курулуштук мекемелери иш аткарууда. “Укмуштуунун тɵɵсү жорго” дегендей, “союз таркагандан кийин Ош облусунан Жалал-Абад облусу бɵлүндү эле, эми Ош облусу Жалал-Абад облусуна карап калганбы?” деп дендароо болуп, “бул да болсо кезектеги автожолдорунун коррупциялык схемасынын бир багыты болсо керек” деп ойлондум.
-- Эмнеге?
-- Ош шаарынын “Ак-Белес” субподрядчик мекемесинин адисинин айтуусунда, “Жалал-Абад генподрядичги ДСУ-2 бизге акча каражаттарын ɵз убагында бɵлүп бербейт, биз илгери үмүт менен аванс катары эле иштеп жатабыз. Эгер ɵз убагында бизге акча каражатын бɵлүп бергенде, биз бул жолду бир жарым айда бүткɵргɵнгɵ мүмкүнчүлүгүбүз бар” деп ишенимдүү билдирди. Ушул жерден “эх, кайран гүлдɵп жашап келген Кыргызстандын минтранс коррупциясы!” деп ичиңен ал министрликке ɵтɵ ыраазычылык сезим менен кала бересиң да.
-- Ал адистин аты-жөнүн, ишмердүүлүгүн толуктай кетсеңиз?
-- Мурзабеков Эрлан. Кол астында 1 “Хундай 1300” техникасы, 6 “Хабо”, 1 суу чачкыч водовоз (6 м.куб), 2 гусеничный эксковатор ЭКГ 5, 5 автогрейдер техникалары бар экен. Мындай кыска, 3,5 км жолго техникалардын бардыгы жетиштүү деп ойлойсуң, бирок ал техникалар акча каражаттарынын жоктугунан, КПД (коэффициент полезного действия) менен менимче 30% пайда менен гана иштеп жатат десем жаңылышпайм. Ал жолдор менен жүргөндө канчалаган автоунаалардын жүрүү тетиктери талкаланат, аларды байкуш элибиз сатып алып, салык төлөп жашай берет. Ушуга улай Ош–Баткен–Разаков автотрассасынын 40,0-46,5 автожолунун адиси Алимкулов Алижан тейлеп келет. Заказчиги болсо КР минтранстын ДДХ мекемеси. Ал бригадада 12 “Хабо” техникасы, 5 экскаватор ЭКГ, 4 суу чачкыч водовоз (6 м.куб), 1 автогрейдер, 1 виброкаток техникалары эсептелет. Буларда да техникалар жетиштүү санда деп чечим чыгарса болот. Бирок каражаттын жетишсиздигинен бул бригада да илгери үмүт менен илең-салаң иштерин улантышууда, курулуш темпи жокко эсе.
-- Сөзүңүзгө аралжы, ошо сиз айтып аткан маселелер боюнча транспорт министри Тилек Текебаев ушул жылдын март айында ЖКда “6 айда, болбоду дегенде 1-сентябрга чейин Ноокат жолдору бүтөт” дегендей кылды эле...
-- Транспорт жана коммуникациялар министри Текебаев Тилек Кыдырмаевич 2023-жылы март айында Жогорку Кеңештин депутаттарынын Ноокат жолу боюнча берген суроолоруна “алты айдын ичинде же болбосо 1-сентябрга чейин толугу менен бүткɵрɵм” деген ɵтɵл сɵзүнɵ ɵндүрүштү түшүнгɵн адам бул жолду бир кɵргɵндɵ эле “бул жол “Чубактын чуусундай чубалып, 2023-жылы да бүтпɵйт” деп так кесе айта алат. Мен да ошол сɵзгɵ толугу менен кошулат элем. Себеби, транспорт жана коммуникациялар министрилиги тарабынан чырмалышкан коррупциялык билинбеген схема дагы да болсо бар го (?) деп аргасыздан ойлоносуң.
Союз тарагандан кийин кечээки тарыхка сереп салып карасак, мурун Ош облусунан Жалал-Абад облусу бɵлүнүп кеткен эле, эми болсо “жалпы жол тармактарын жɵнгɵ салууда Ош облусу тескерисинче Жалал-Абад облусуна карап калганбы?” деп бул суроого да жооп таба албай дабдырап турдум. Ушул Ош облусунан чыгып Ноокат аркылуу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык аймактык жолу “быссымылда” деп башталганда эле 5 жылдан бери курулбай, талкаланган табышмактуу жолго туш болуп келген элек. Ош–Баткен–Раззаков аралык жолун “табышмактуу коррупционерлер жолу” деп атасак жаңылбайбыз. Ал эми корупциялык жол схемасын чынбы же жалганбы, атайы тергөө иштери же эсептөө палатасынын адамдары гана барып, аны аныктап өз нугуна коёт деген ойдомун.
-- Эсептөө палатасыбы, же кайсы бир тийиштүү орган бул маегибизди окуп калса жаман болбос эле. Кулак какты кылдык. Ал эми Ош–Баткен–Раззаков жалпы жолуна көз чаптырып көрдүңүзбү?
-- Баткен элинин багына 1999-жылы 13-апрелде облус ачылып, дээрлик 20 жылдан бери Ош–Баткен–Раззаков автожолдору акырындык менен 97 пайызга жакыны талапка ылайык дээрлик асфальт төшөлүп, эреже белгилери, бетон мамычаларынан бери орнотулуп, кыйла оңолуп калган. Бирок, ушул гана Ноокатка кире бериш “Баргы” айыл округунун 28,0-31,3 км аралыктары жана Кызыл-Кыя шаарына кире беришиндеги жол беш жылдан бери, Ош–Баткен–Раззаков автожолунун 94,0-114,0 чакырымга чейин жолдун жарымы бүт узун тилкесинен казылып, туурасы мурункудан да кысылып, одуракай таштуу, чуңкурлуу жолго айланып, андан өткөн автоунаанын сөзсүз түрдө ходовой завчастарын талкалабаса да, үлүштүк багытта автотетиктериңди талкалоого мажбур болуп келген элек. Эми ошол жолдун уландысы болгон 40,0-46,5 км аралыктагы жолдорду транспорт жана коммуникациялар министрилиги ДДХнын эсебинен генподрядчик катары Жалал-Абад ДСУ-2 жол курулуш мекемеси каржылоо менен субподряд мекемелерди иштете баштаган. Мурун бул Кызыл-Кыя шаарына чейин 94-114 км аралыктагы жолдорду жергиликтүү элден сурасак, “Түркиянын “Чакыряпты” деген фирмасы бар, түрк атуулу Назар Бей кыргыздарды алдап качып кеткен эле” дешет, бирөөлөр болсо “жол иштери боюнча ар кандай иштерге кыргыздар так эмес экен, айткан сɵздɵрү анык эмес, аткарышпайт экен” деп качып кеткен дешип, жол эптеп бүткɵрүлгɵн эле.
Негизи ар бир райондун жол участокторун ошол райондордо жайгашкан ар бир ДЭП мекемелери карап, жолдо болгон көрсөтмөлүү жол белгилерин коюшуп, негизи жол тегиздигиндеги ар кандай нерселерди учурунда тазалап туруу ушул райондук ДЭП мекемелеринин милдеттери болуп саналат. Ал эми ошол жолдорду ар кандай деңгээлдерде же болбосо категориясына жараша куруп, асфальт төшөп, ар кандай кичине көпүрөлөрдөн баштап чоң көпүрөлөргө чейин жол курулушун даярдап бүткөрүп, эксплуатацияга берүү – жол куруу подряддык мекемелеринин иштери.
Ош шаарынын Ноокатка чейин жолу дагы эки жыл мурун талапка ылайык жакшы курулуп бүткөрүлгɵн, бирок Ноокаттын Баргы айылынан баштап, Бел-Өрүк, Көк-Жар кыштактарын аралаганда жолдун тардыгы зээнди кейитет. Себеби, союз учурунда курулган жолдун туурасы абдан тар болгондугу аз келгенсип, автоунаалар чексиз көбөйгөнүнө байланыштуу ал жолдордо чуңкурлар пайда болуп, оюлуп, тешилген. Анан да кокустан КАМаЗ же башка чоң автоунаалар прицептерин сүйрөп алса, андан бетер кыйналуу мына ошондо башталат.
-- Кыскасы...
-- Кыскасы, Ош–Баткен–Раззаков жолунун Ноокаттан баштап Бел-Өрүк, Кɵк-Жар аркылуу Кызыл-Кыя шаарына чейин жетүү тирүүнүн тозогу. Бир чети ушул жол менен кетип бара жатканда мамлекеттик көзөмөл кылуучу органдар атайы көз жумдуга салабы, же аларды мурун эле текшерип, кыргызча айтканда, “аке-жаке” деген сөздөргө көнүп, алардын “убактылуу чай ичип туруң” дегенине да кɵнүп алышканбы деп да ойлойсуң.
Эми ушул ондогон жылдардан бери курулуп бүтпөй келаткан автотрасса кокус ийгиликтүү аяктап калса, Ош–Баткен–Раззаков автотрассасы 403 км, Ош ДЭП – 21-30 км, Ноокат ДЭП – 30-75 км же 45 км Кадамжай ДЭП – 46 75 – 179 км же бобосо 104 км, Баткен – ДЭП-2 179 км 104 км, Разаков ДЭП – 13, 280-403 км аралыктагы жолдорун тейлөөнү толугу менен колго алышат. Ушул аталган ДЭП автожолдорду тейлөөдө жакшы техникалык абалын сактап калышын чын жүрөктөн каалап кетер элем. “Жолуң жакшы болсо, адам өмүрү узун болот” деген кеп эл арасында бекеринен эмес.











