Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ажонун көрүнүктүү үч кадры: Бейшеналиев, Бекмурзаев, Жаныбеков корголобу, же кордолобу?

Ажонун көрүнүктүү үч кадры: Бейшеналиев, Бекмурзаев, Жаныбеков корголобу, же кордолобу?

19-апрель, 09:00
1 095 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Садыр Жапаровго чейинки президенттер Акаевдин чаап кеткен коррупциялык башкаруу системасын бузгусу келбей, алтургай колун жоорутуп, баштарын оорутпай, дээрлик отуз жыл башкарышып, соңунда эч нерсе болбогондой сазга тыгып кете беришти. Ошол убакта ар кайсы тармактагы кызмат адамдары “эксперт”, “блогер” деп өзүн атап алгандар, бейформал уюмдар ж.б. отуз жыл ичинде баш көтөрүп, адилет, калыс сөзүн айталбай жүрүшүп, эми минтип өлкөбүз өнүгүү жолуна кадам таштаганда, “бөйрөктөн шыйрак чыгарышып”, жүргүзүп жаткан реформаларга бут тосуу менен алек. 

Жаңы шайланган депутаттарыбыздын арасында дагы бийликтин реформаларына каршы экенин билдиргендер да бар. Ушундан улам, жалпы депутаттык корпуска доо кетип аткандыктан, коомчулуктун ичи чыкпай турган чагы. Себеби, биз буларды шайлаганда мыйзам жазууга жана аны көзөмөлдөө менен ар кандай эл аралык маанилүү иштерди ратификациядан өтөрүп берүү милдети Конституцияда кашкайып жазылып турса дагы, эски парламенттик башкаруудан бетер өкмөттүн чарбалык ишине кийлигишип, анысы аз келгенсип, “ал министрди чакыргыла”, “бул министрди чакыргыла”, “булардын отчетун уга коёлу”, же “протоколдук тапшырма бере салалы” деп демите баштагандары кандай? Эгер депутаттар бийликти колдон-буттан алып сүрөп турбаса, булардын өмүрү кыска болчудай...

Президентибиз депутаттарга “бийлигиңерден аша чаппагыла” кыязында акырын, жумшак эскертүү бергендей деле болгонсуду. Эгерде депутаттар минтип өзүмбилемдикке сала берсе, анда коркпой-үркпөй эле таркатуу маселесин койсо болот. Мындай учурда Жогорку Кеңешке деп бюджеттен бөлүнгөн каражатты өтө турган шайлоого чыгымдасак эч уттурбайбыз.

Реформаны батыл жасап киришкен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жалпы эл, калайык калк колдоп турган чагы. Себеби, саламаттык сактоо тармагы отуз жыл бою өтө коррупциялашып, чирип калганын элдин баары билет. Мисалы, кардиологиялык борборго жүрөккө операция эмес, жөн эле көрүнгөнү барган карапайым адамдар акча төлөп көрүнгөнү жалганбы? Бул бир. “Академик, доктор” деп мактап-жактап жаткан Сабырбек Жумабеков мамлекеттик оорукананы өзүнүн менчигиндей колдонуп келгенин кантебиз? Башка дагы былык иштери эми чыгып отурат го, 300 АКШ доллары турган протездер 3000-5000 АКШ долларына салынып жүргөнүн министр мырза далилдеп айтып берди го? Мындай иштин бирин ошол жерде иштеп жүргөн травматолог врач деле айтты го, бутунун протези кантип жасалганын... Ошондой эле Исманкулов деген эрен №6 шаардык оорукананын бир жак бөлүгүн 25 жылдан бери болбогон тыйынга арендага алып, иштетип келет. Ошончо жылдан бери имаратты бир дагы жолу капиталдык ремонт жасабай келгендиги, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти күрөөгө коюп, шаймандарын алгандыгы эми билинип отурат. Болбосо №6 ооруканага бейтаптарды кабыл алууга жана дарылоого бүгүнкүдөй кыйынчылыктар жаралбайт эле го. Министр Алымкадыр Бейшеналиев ал имаратты өзүнө менчиктеп алып аткансып, Акылбек Жапаров баш болгон жетекчилерге дагы баракелде, мамлекеттин кызыкчылыгына чечүүнүн ордуна, орбитр болуп карап отурушат. Министр мырза этикетти сактап, канча жолу кагаз жүзүндө, оозеки дагы кайрылып түшүндүрө албай койсо, анан кантет? “Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат” болуп, эми минтип Исманкулов прокуратурага арыз жазып койсо, башпрокурорубуз “этиканы бузган, чара көрүп бергиле” деп Акылбек Жапаровго катын жолдоп отурат. Акылбек Жапаров болсо “ал министрге чара көрөбүз” деп шымаланып турган чагы. 

“Садыр Жапаров энергетика тармагына колунан келбеген Доскул Бекмурзаевди жетекчи кылып дайындап салды” деп чурулдап, алтургай көрөгөчтүк да кылып жиберишти эле, “Токтогулдагы суунун көлөмү жазга жетпей 6 млрд. кубдан ылдый түшөт, маал-малы менен өчүрүүлөр болот” дешип. Эми эмне болду? Кышы бою светтери өчкөн жок, көмүр менен камсыз кылуу дагы жакшы эле иштеп жатты.  Аба ырайынын кургакчыл, суунун азайганына карабай 8 млрд. куб суу менен чыгып отурабыз. 

Урматтуу президент, министр Доскул Бекмурзаев тапшырылган милдетин “эң жакшы” деген баага аткарып отурат. Ошондой эле айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков дагы жакшы иштегенине карабай негизсиз күнөөлөнүп келет. Болгону бул киши “айыл өкмөтүнө тийиштүү 15%дык жер үлүштүн 25%ын айыл чарба министрлигине өткөрүп бергиле, биз мамлекеттик үрөн чарбаларын ошол жерлерге уюштуралы” десе, партиялаштары Нуржигит Кадырбеков менен Султанбай Айжигитовго окшогон депутаттар караманча каршы чыгып, “булар бизнес жасаш үчүн ушуну кылып жатат” дегенге чейин барышты. Чын-чынына келгенде, айыл өкмөттөрү 15%дык мамлекеттин үлүш жерин кантип арендага берип чөнтөктөрүн кампайтып жүргөндөрүн билебиз. Ошол себептен министр мырзанын сунуштаган долбоору туура дейт элем. Себеби, дыйкандар түшүмдүүлүк сортуна карабай, “эптеп эле чыгып берсе” деген мааниде айдап-сээп калышкан. Ошон үчүн сорттуулук, түшүмдүүлүк жоюлуп баратканы жаңылык деле эмес. Ушундан улам, министр Аскарбек Жаныбеков мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон долбоорун сунуштап келип отурса, депутат Султанбай Айжигитов кыжылдашып айтышып, өзүнүн кол тийбестигинен пайдаланып, “мыйзамда көрсөтүлгөн депутаттык укугумдун 78-беренеси бузулуп жатат, андан тышкары, менде баткендиктерден министр мырзага арыздары бар” деп башкы прокурорго “кабыл алып коюңуз” деп суранып отурат. 

“Реформа жасайын деген жетекчилерди минтип прокуратура, сот менен коркутпай, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бирге эле иштеше бербейби?” дегиң келет экен. Ажобуз өзүнүн министрлерин туш келди салып бербейт го, эгерде колдоого алынбаса, анда тобокелчиликке барып, реформаны эч ким кылгысы келбейт. Андыктан көрүнүктүү кадрларды коргош керек.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер