Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президенттин рейтингин соцтармактардан жасалма түрдө көтөрүп атышабы?

Президенттин рейтингин соцтармактардан жасалма түрдө көтөрүп атышабы?

13-октябрь, 21:47
618 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Элдин басымдуу бөлүгү табиятынан оппозициялык маанайда болот эмеспи. Убакыт өткөн сайын бийликке каршы чыккандар арбып, кыйчалыш кырдаалдар жарала баштайт. Эң оболу, өкмөттүн ишмердиги начар болуп атса, бул жаатта абалды оңдош кыйын болору шексиз. Мындайда президент Сооронбай Жээнбековдун рейтингин түшүрбөй кармап туруу үчүн кошумча штабдардын иштеп атканы каңкууланып келет. Алардын иши кандай болушу мүмкүн? Адатта, президенттин артыкчылыктарын чагылдыруу, ишмердигин жайылтуу менен алек болушуп, ошого катар оппозицияга маалыматтык сокку жасап турушат. Негизинен мындай күрөш интернет айдыңында, дээрлик соцтармактарда орун алууда. Бирок, реалдуу ишке караганда дал ушундай пиар кампания убактылуу гана алаксытуу болуп калсачыА эң олуттуу көрсөткүч – региондордогу, айылдардагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, карым-катышты күчөтүү, жергиликтүү лидерлер менен кызматташуу аркылуу президенттин беделин жогорулатса, мындай аракет түптүү болот. Ал эми соцтармактардан жасалма көрүнүштөр менен алдай берүү акыры жакшылыкка алпарбайт. Эмне үчүн Путин интернет айдыңынан сырткары Москвадан алыскы региондордогу, кыштактардагы элдин маанайына карап анализ кылат? Реалдуу көрсөткүчтү билүү үчүн да, туурабы? Биз да бул жагынан үлгү алышыбыз зарыл.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер