Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөхан ЖУНУСБЕКОВ, жарандык активист: “Мугалимди сыйлаш керек, балдарыбызды уруп койсо эч нерсе болбойт”

Төрөхан ЖУНУСБЕКОВ, жарандык активист: “Мугалимди сыйлаш керек, балдарыбызды уруп койсо эч нерсе болбойт”

14-октябрь, 16:37
971 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Төрөхан мырза, жакынкы күндөрү эле мектептердеги акча чогултууга каршы митингдин башында турдуңуз. Ага катар эле билим жана илим министринин мектептерге акча чогултууга каршы мыйзамы чыкты. Бирок, “бул мыйзамга карабай эле чогулта беришет” деген пикирлер айтылууда? 

-- Негизи үч талап менен чыкканбыз: биринчиси, “мугалимдердин айлык акысы көтөрүлсүн” деген талап болчу. 30-сентябрда премьер-министр “айлык акы 30% көтөрүлсүн” деп кол койду. Экинчиси, “мектептер үчүн которулган каражаттын көлөмү көтөрүлсүн” деген талап болчу. Ал талап боюнча 2020-жылдын 1-январынан тарта Бишкек шаары менен Сокулук районундагы мектептерге бөлүнгөн каражат көтөрүлөт (!) деп пилоттук долбоорлор менен чечишти. Ошонун негизинде “ата-энелерден акча чогултуу, ата-энелерден жардам деген токтотулсун”  деген талап койгонбуз. Бирок, мектептеги фонддор мурда эле ата-энелер тарабынан түзүлгөн. Аны министрлик биротоло тамырын кыркып жоё албайт. Фонд түзгөндөр өздөрү жоюш керек. Фондду түзгөндөр болсо “баарына ата-энелер макулдуктарын берген” дешүүдө. Болгону “мыйзамды так аткаргыла” деген буйрук чыкты. Анткени мыйзамда мугалимдер ата-энелерге “акча чогулткула” деп айтканга укуктары жок. “Ошону айтсаңар мыйзамды бузган болосуңар, жумуштан кетесиңер” дешти. Айтор, мугалимдердин эч тийешеси жок. “Ата-энелер чогултчусун өздөрү чогултсун” дегендей абал жаралды. 

-- Фонддон тышкары мектептин оозунда турган коопсуздук кызматкерлери, мугалимдердин кагаз-калемине ай сайын чогултулган каражаттар ачык эле айтылып чогултулары кеп болууда...

-- Негизи директорлордун, мугалимдердин “коопсуздук кызматкерлерине акча чогулткула” дегенге да укугу жок. “Ал кызматтарды жоюп салгыла” деп сунуш киргизип жатабыз. Эмнеге дегенде, алардын пайдалуу деле иштери жок. Балдардын жоголгон кийимдерин чогултушат. Аны мектептин кароолчулары деле көзөмөлдөсө болот. Жогорку класстын окуучулары тартип бузса, ар бир мектепти караган участкалык милициялар бар. “Балдарды уурдайм” дегендер коопсуздук кызматкерлерисиз эле көчөдөн алып кетет. Биздин муун коопсуздук кызматкерлерисиз эле чоңойгонбуз. Башкалар да чоңойгон. Азыркылар деле чоңоё берет. “Бирин-экин чатакка коопсуздук кызматкерлери керек” дей берүүнүн кереги жок. Мурда биздин убакта 11-класстын окуучулары кезекке туруп, жалпы тартипти көзөмөлгө алып койчу. 

“Пол жуугучтардын айлыгын көтөргүлө” деп жатат. Ар бир класста экиден дежур болуп, класс тазалаганын оор көрүп жатышат. Бирок бул тартип, эмгекке үйрөтүү жагынан керектүү эле нерсе. Мисалы, өнүккөн деген Жапонияда деле окуучулар мекетептин ичи-тышынын тазалыгын өз моюндарына алышат. Азыр көп ата-энелер уулунун же кызынын мектептеги класстарды жууганын каалабайт. Таптакыр эле балдардын көзүн карай берүү деле туура эмес. Мугалимдер анча-мынча какыс-кукус кылып койсо эч нерсе болбойт. “Менин баламды урба, жуудурба” деп ата-энелер саксандап чуркай берип, балдарыбызды таптакыр жүүнү бош тарбиялап жатабыз. 

Биздин убакта мугалимдер урса айтып келсек, бизди кайра ата-энебиз урушчу. Жөн урбаганын билишчү. Мугалимди сыйлаш керек. Чегинен ашып кетсе, албетте, алар көзөмөлдөнөт. 

-- Ошондо жыйынтыктап айтсак, ата-энелердин оозу менен чогултула берет окшобойбу?..

-- Колунда бар, чын көңүлүнөн берген ата-энелер фонд акчасын чогулта берсе болот. Бирок, таптакыр каалабай же колунда жок болуп кыйналган ата-энелерди кысмакка алгандар жумуштан кетет (!) деп билим берүү министрлиги өз убадаларын берип жатат. Мурда мугалимдер мыйзамды бузуп, фонд акчасын чогултууда окуучуну кысмакка алчу. Азыр андай нерсеге тыюу салынат. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер