Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаардагы чөнтөк ууруларын, кылмыштуулукту Жеңиш Абитов тизгиндей алат

Шаардагы чөнтөк ууруларын, кылмыштуулукту Жеңиш Абитов тизгиндей алат

13-май, 12:00
4 620 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарында коомчулуктун милицияга нааразычылыгы барган сайын көбөйүп баратат. Бул боюнча көп факторлор бар. Эң башкысы, “чөнтөкчүлөрдүн” көбөйгөнү жанды кашайтууда. Күнүгө телефон, акча уурдаткандар ондоп, жүздөп саналат. Соңку убакта жарандар ууруларды өздөрү кармашып, соцтармакка чыгара башташты. Айла кеткендеги иш. Ал эми милиция тийешелүү милдетин аткара албай мукурап, бийликке болгон элдин ишенимине кедергисин тийгизүүдө. 

Ушундай. Биз бир гана “чөнтөкчүлөр” боюнча сөз кылдык. Башка карактоо, үйлөрдү тоноо, оор жаракат келтирүү, адам өлтүрүү сыяктуу түрдүү кылмыштар да арбын катталууда. Алардын изин суутпай ачууга Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевдин шаасы жетпей, өздүк курамын башкара албай, айтор, чалдыбары чыгып калганы жашыруун эмес. Маселен, орун басары Кылыч Жолдошов жетекчиликти тоготпой, Түркияга 10 күнгө эс алганы кетип калыптыр. “Билгениңерди кылып алгыла” деген таризде. Бул эми чектен чыккандык да. “Кой” деген кожо барбы? Башкалаанын башка жетекчилери деле жайылып жүргөндөй, элдин арыз-даттануулары менен иштөөгө эч кимдин ышкысы жок. Азамат Ногойбаев ыкчам жыйын өткөрүп, катуу талапты, тийешелүү тапшырмаларды бергенин уга элекпиз. ИИМ тарабынан өзүнө катуу сөгүш берилип, ээлеген кызматына татыксыз (!) катары баалангандан кийин огобетер кайдыгерликке батып кеттиби? Айтор, илең-салаң абалда.

Мындай шартта Бишкек ШИИБ начальнигине Жалал-Абад ОИИБ башчысы Жеңиш Абитовду дайындаса жарашмак. Толук кандуу ишенимди актай турганына көзүбүз жетип турат. Себеби, ал Ош ОИИБни эки жыл ийгиликтүү башкарып, Жалал-Абад облусуна которулган. Учурда коомдук-коопсуздук абалды жөнгө салып, аймактарды кыдырып, милициянын аброюн көтөрүү, эл менен кызматташуу боюнча үлгү көрсөтүүдө. Жалал-Абад облусунда ачылбай жаткан оор кылмыштар жок. Бул жагынан Жеңиш Абитов өтө сергектикте, ыкчам баа берет. Алдын ала анализдерди жасап, талапты катуу коюп, ишке баш-оту менен берилгендигин көрсөтүүдө. Жетекчи иштерман, көрөгөч болсо, кол астындагылары да ошого жараша түздөнүп, ырааттуулук жаралат эмеспи. 

Ток этери, Жеңиш Абитовдун өзгөчө сапаты ушундай! Эмне үчүн мындай кадрды аймакта кармап, убакытты создуктуруп атабызКылмыштуулугу башаламандыкка айланган Бишкек шаарына Жеңиш Абитов начальник катары дайындалса, эки айда жыйынтыгын көрсөтүп, ишти кадимкидей жолго салып, көзүбүздү ачат эле. Ооба, биз турмуштагы реалдуулукту жазып жатабыз. Бузулган коомду тажрыйбалуу жетекчилер оңдойт. Алардын эң үлгү мисалын келтирсек, бул – полковник Жеңиш Абитов! Дээрлик кылмыштуулукту тизгиндей турган адам... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер